Хочешь стать программистом и получать высокую зарплату?

itacademy

Всего за 1 год мы научим тебя одной из самых востребованных и высокооплачиваемых на рынке профессий!

Основные направления:

- Front end

- ASP.NET

- QA/Testing

- Python

- Java

- Ruby on Rails

Далее

Сынакты уюштуруучулардын катары өстү

7-ноябрь КР Маалымат жана басма сөз күнүнө карата «Журналисттер» КБ менен «Жаш журналисттер» кыймылы «Мыкты кабарчыга» жана «Мыкты басма сөз кызматына» сынак жарыялаган эле. Бүгүн бул сынактын уюштурулушуна жана өткөрүлүшүнө өз салымдарын кошкулары келгендигин дагы 3 кесиптеш уюмдар билдиришти: “ЖМКларды колдоо борбору” КФ“Маалыматтык укук борбору” КБ жана КР ЖМК кызматкерлеринин профсоюзу.

Көп түкүрсө көл болот дегендей, катарыбыз өскөнгө, кесиптик тилектештик бар экенине биз кубанып турабыз.

Бул сынак журналисттердин урматына татыган, абройлуу сынак болсо экен деген гана тилектер бар.

Басма сөз күнүнө карата сынак жарыяланат

“Журналисттер” коомдук бирикмеси жана “Жаш журналисттер” кыймылы 7-ноябрь – басма сөз күнүнө карата Кыргызстандык журналисттер жана мамлекеттик мекемелердин басма сөз кызматтары арасында сынак жарыялайт!

Толугу менен

Ко дню прессы объявляется конкурс на “Лучшего корреспондента” и “Лучшую пресс-службу”

Общественное объединение “Журналисты” и Движение “Молодых журналистов” к 7 ноябрю — Дню информации и печати объявляет конкурс на “Лучшего корреспондента” и “Лучшую пресс-службу”.

Continue reading

Марат Токоев, “Журналисттер” коомдук бирикмесинин төрагасы: “Биздин “dem.kg” сайтыбыз окурмандардын да, ЖМКлардын да керегине жарайт деген ойдобуз”

tokoevdem

Кыргызстандын маалымат айдыңында ачылганына аз да болсо, эл оозуна алынып калган “dem.kg” аттуу сайт бар. Бул сайт башында республикадагы өздүк сайты жок жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн ачылып, кийин сайты барлары да маалыматтарын коё башташты. Себеби, “dem.kg” интернет аркылуу дагы жаңы окурмандарды табууга жардамчы болууда. Биз аталган сайт тууралуу, сайттын негиздөөчүсү, “Журналисттер” коомдук бирикмесинин жетекчиси Марат Токоевди кепке тарттык.

—Марат мырза, сиздин демилгеңиз менен түзүлгөн “dem.kg” сайты туурасында маалымат бере кетсеңиз, эмне максатты көздөйт? Толугу менен

“Дем” сайты мыкты Элдик кабарчыларга сынак жарыялайт

demsynak

“Дем” сайтына такай мыкты жаңылыктарды жарыялап келген 3 элдик кабарчыга сынак жарыяланат.

Сайтка кесибине, улутуна, жашаган жерине карабай каалаган адам жаза алат. Мыкты Элдик кабарчыларды аныктоодо төмөнкү нерселерге басым кылынат:

Толугу менен

Блогдогу өзгөрүү

kgkatalog

Блогумдагы «Кыргызча сайттар» баракчасы блогдогу эң окумал баракча экенин сатистикалык маалыматтар көрсөтүп жатат. Бирок буга карабай аны жабууга бардым. Анткени сайттардын топтомун чыныгы каталогго окшоштуруу максатында мындан бир жыл мурун атайы сайт - «Кыргызча сайттар каталогун» ачкан элем.

Ал сайтта кыргыз тилдүү сайттар тууралуу маалыматтар бул жерге караганда кененирээк жана ырааттуураак берилген. Ошондой эле окурман үчүн пайдалуу кошумча көп мүмкүнчүлүктөр каралган. Август башына ал жерде 600гө жакын сайт тууралуу маалыматтар бар!

Элдик жаңылыктар

Интернеттин өнүгүшү менен жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) иш алып баруусу да кескин өзгөрүүлөргө дуушар болууда. Бул сайт баракчаларында элдик жаңылыктарга да орун бере башталганынан байкасак болот.

ЖМКда журналисттер канчалык көп болбосун, баары бир ал элдин санынан бир кыйла аз, эл билген, уккан, көргөн нерселердин баардыгын биле бербейт. Ошону үчүн интернет чыкканга чейин эле, элден түшкөн жаңылыктарга ЖМКлар өзгөчө көңүл буруп келген. Айрымдары кесипкөй журналисттик макалага өзөк болсо, айрымдарын «Окурмандарыбыздын каттарынан» деген сыяктуу рубрикаларда басып чыгарып турушар эле. Бирок кандай күн болгондо да негизги басым журналисттик макалага жасалган. Дээрлик жападан жалгыз жаңылык жаратуучу — журналист болчу.

Толугу менен

Кыргызча сайттар каталогуна 1 жыл!

1jyl

Бүгүн ucoz.ruдагы «Кыргызча сайттар каталогу» 1 жашка чыкты!

Кыргызча сайттардын топтомун түзүү максатында ачылган сайтта бүгүн 556 сайт катталган. Алардын 512си кыргыз тилинде «сүйлөгөндөр».

Толугу менен