Monthly Archives: Июль 2012
Если был бы я фотограф…
то не знал бы проблем с конкурсами. 🙂
В последнее время количество конкурсов среди фотографов резко возросло. Или мне так кажется? Их и раньше было много?
Взять хотя бы только список из 10 конкурсов, которые мы выставили за последнее время на нашем сайте www.journalist.kg, т.е. с 25 июля по 30. Из них 6 относится к фотографам:
Маалыматтык радиодо иштегиси келгендерге кастинг
“Марал” радиосунда маалымат бөлүмүндө иштөөнү каалаган журналисттер үчүн кастинг (кароо-сынак) жарыяланат!
Кастинг 31-июль, саат 12:30да төмөнкү дарек боюнча өтөт: Фрунзе көч. 387, 3-кабат (Карпинка көчөсү менен кесилишет). Байланыш телефону: 0771 41 60 91
Резюмеңерди ала келгиле!
Дүйнөлүк кабарлар кыргызча
Дүйнө Кыргызстан менен гана чектелип калбайт. Бирок мекендештерибиз дүйнөлүк кабарларды негизинен орус тилдүү маалымат булактарынан алышат. Бул түшүнүктүү нерсе – бизде бир да ЖМК чет элде өз кабарчыларын кармай албайт – чамабыз жетпейт.
Менин хоббим
Ар-бир адамдын иштен сырткаркы кызыгуусу, хоббиси болот окшойт. Меники – кагаздан учактарды жасоо. Бул балалык кезимде учкуч-космонавт, авиаконструктор болом деген кыялымдын ишке ашпай калганынан болушу керек. 🙂
Блог менен жаңыдан иштеп жаткандарга
Хватит ли нам мудрости делать уроки из ошибок других?
То что сейчас происходит в стране, мне кажется, может оказаться ничтожным по сравнению с тем, что может случиться в будущем. Я имею в виду нарастающую с каждым годом исламизацию страны, да и всего ЦА региона. Притом в сторону радикального ислама. Это заметно по увеличившимся на улице бородатым мужчинам в арабских одеяниях, женщинам, укутанным с головы до пят в одежду, друзьям и родственникам, вдруг ставшими правоверными мусульманами и с фанатичностью убеждающих нас в непоколебимых и истинных ценностях ислама.
Сколько денег ушло из Кыргызстана?
Фото взято из сайта http://www.noi.md
Коллега из Молдовы поделилась статьей “Из Молдовы через оффшоры утекло 2 миллиарда долларов”. В ней приводятся данные и по Кыргызстану. Цифры интересные и… немного неожиданные. Все мы уверены что нас кому не лень (в том числе и два наших бывших Президента и их семьи) грабят и мешками вывозят деньги за рубеж, используя те самые оффшоры. Но, оказалось, что Кыргызстан наравне с Молдовой и Арменией среди стран СНГ имеет наименьший объем оттока капитала в оффшорные зоны.
Журналистиканын келечеги кандай болот?
Сүрөт http://99px.ru сайтынан алынды
Бүгүн мурда ийгиликтүү болгон көптөгөн радиолор, гезиттер жабылып жатканы тууралуу кабарлар жаңылык деле болбой калды. Буга акыркы учурда байкалып жаткан техниканын жана ар түрдүү технологиялардын тез өнүгүшү негизги себепкер. Эмне үчүн дегенде учурда жыл сайын маалымат алуунун улам жаңы булактары, түрлөрү пайда болуп жатат. Интернеттин өнүгүүсү менен бүгүн ар-бир адам да кабарчы боло алат. Ушуга байланыштуу журналистикага классикалык көз караш, талаптар да өзгөрүп жаткансыйт.
Журналисттерге пайдалуу интернет булактар
Кыргыз журналиктикасында, дегеле дүйнөлүк журналистикада эмне болуп жатат, кандай жаңы нерселер пайда болду, журналистикага байланыштуу окуу куралдарын кайдан тапса болот, бул жана ушуга окшош суроолорго жоопторду төмөндө келтирилген сайттардан тапса болот:
http://www.ifex.org/ – Сөз эркиндиги боюнча дүйнөлүк тармак;
http://cimethics.org/ – Эл аралык журналистикалык этика борбору;
http://medialawca.org/ – Борбордук Азиядагы медиа мыйзамдардын топтому;
http://ijnet.org/ru – Эл аралык журналисттик тармак;
http://internews.kg/ – Internews Network уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн сайты;
http://www.media.kg/ – ЖМК өкүлдөрүнө юридикалык колдоо көрсөткөн (акысыз), соттордо коргоочу болгон Медиа полиси институту;
http://www.kgcentr.info/ – экстремизм жана терроризм темасын чагылдыргысы келген журналисттерге пайдалуу булак;
http://doormedia.kg/ – Доор Медиа коомдук фондусу;
http://newreporter.org/ – Жаңы медиалар тууралуу сайт;
http://www.msc.kg/ – ЖМКларга колдоо көрсөтүү борбору, Кыргызстандагы гезитердин жарымынан көбү ушул жерде басылып чыгат;
http://www.medialaw.kg/ – Маалыматтык укук борбору коомдук фондусунун жана ошондой эле ЖМКларга даттанууларды териштирүү боюнча комиссииянын иш аракеттери менен тааныша аласыздар;
http://journalist.kg/ – Журналисттер коомдук бирикмесинин сайты, бул жерден Кыргызстандын медиа чөлкөмүндө болуп жаткан окуялар тууралуу жаңылыктар жана аналитика менен тааныша аласыздар, журналисттерге пайдалуу боло турган адабияттарды (кыргыз тилинде да), басма сөз кызматтары тууралуу маалыматтарды топтоо аракети көрүлүп жатат. Жакындан баштап блогду ачуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү.