Блогду кантип кыргызчаласа болот?

Айрым жеке демилгелер болуп жатканы менен WordPressтин кыргызчасы азырынча жок. Ушуга байланыштуу аны өзүбүз кыргызчалаштырышыбыз керек. Бул толугу менен болбойт дечи, бирок көзгө урунган негизги нерселерди кыргызча “сүйлөттүрсөк” болот.

Толугу менен

Бизде блог ачкыла!

Мен сиздерди биздин www.journalist.kg сайтыбызда өз блогүңарды ачканга чакырам. Блог ачуу менен журналистикага, коомго байланыштуу айрым маселелер боюнча пикириңер менен бөлүшүп, башкалардын пикирин уга аласыздар. Ошондой эле ЖМКга расмий түрдө жарыялоого мүмкүн болбой калган материалдарыңар менен, айтылбай калган ойлоруңар менен бөлүшсөңөр болот. Блогду өз эмгектериңердин (макала, фото) портфолиасы (альбом, топтом) катары колдонсоңар да мүмкүн. Муну менен материалыңар менен тааныша турган адамдардын, болгондо да кесипкөй адамдардын санын арттыра аласыздар.

Толугу менен