Бизде блог ачкыла!

Мен сиздерди биздин www.journalist.kg сайтыбызда өз блогүңарды ачканга чакырам. Блог ачуу менен журналистикага, коомго байланыштуу айрым маселелер боюнча пикириңер менен бөлүшүп, башкалардын пикирин уга аласыздар. Ошондой эле ЖМКга расмий түрдө жарыялоого мүмкүн болбой калган материалдарыңар менен, айтылбай калган ойлоруңар менен бөлүшсөңөр болот. Блогду өз эмгектериңердин (макала, фото) портфолиасы (альбом, топтом) катары колдонсоңар да мүмкүн. Муну менен материалыңар менен тааныша турган адамдардын, болгондо да кесипкөй адамдардын санын арттыра аласыздар.

Бизде блог ачуунун артыкчылыктары эмнеде?

1. Биринчиден, бул кесипкөй чөйрө. Бизде журналистикага жана блогерлигге тиешеси барлар гана өз блогдорун ача алат. Демек башкалар менен талкуулай албаган нерсени талкуулай аласыңар, башкалар менен бөлүшө албаган нерсеңер менен бөлүшө да аласыңар. Кесиптик чөйрөбүздө болуп жаткан жаңылыктар, андагы тенденциялар, ой-пикирлер менен дайым тааныш болуп турууга да жакшы шарт түзүлөт. Бул ошондой эле айрымдарга жаңы жумуш орунун, жаңы авторлорду табууга өбөлгө болушу толук ыктымал.

2. Бул көрүнүктүү жана эсте калаарлык домендик ысым. Ал сиздин ким экениңизди жана каяктан экениңизди дароо күбөлөп турат. Мисалы меники, www.tokoev.journalist.kg 🙂

3. Бизде блог алып баруу жеңил. Блогду кооздоо азабын азайттык. Ар бир блоггер мүмкүн болушунча сырткы көрүнүшүнө эмес мазмунуна басым кылышына шарт түздүк. Ошондой эле биз сиздерге блогду алып баруу боюнча чакан колдонмону иштеп чыктык. Ал дайым толукталып, силерге сунушталып турмакчы.

4. Биздин блог дүйнөдө эң кеңири таркаган жана ишенимдүү WordPress системасынын негизинде иштейт.

5. Блогуңардан биздин сайтка өтүп, Кыргызстандын ЖМК жаатындагы болуп жаткан жаңылыктар менен оңой тааныша аласыздар. Ошондой эле биздин сайтка киргендер сиздердин блогдоруңарга жеңил өтүп кете алат. Демек окурманынардын саны өсөт. Бул жерде биздин блогго киргендердин саны аз-аздан болсо да өсүп жатканын айта кетким келет.

Бизде блог ачаардын алдында биздин эрежелер менен жакшылап таанышып алсаңыздар. Кийин сизге да, бизге да жакпаган жагдай түзүлбөсүн. Блогду ачыш үчүн өзүңөр тууралуу кыска маалымат берсеңиздер (биз блог ачууну каалагандын чын эле журналистикага тиешеси бар экенин же ал блогер экенин аныкташыбыз керек). Ошондой эле сиз каалаган блогуңардын домендик ысымын сунуштасаңар (мисалы, меники tokoev). Электродук дарегиңер сөзсүз болушу абзел. Анткени жаңы ачылган блогдун логини жана сырсөзү ошол дарекке жөнөтүлөт. Блогду ачуу дароо болбошу мүмкүн — ал автоматташтырылган эмес. Веб редакторубуз ким экениңерди аныктагандан кийин гана блог ачууга уруксат берилет.

One thought on “Бизде блог ачкыла!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *