Блог менен блог атаандашканда

www.journalist.kg сайтыбызда блогду ачуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөндөн баштап бул жакта ачкан блогума көбүрөөк убакыт бөлүп, 3 жылдан бери алып келе жаткан башка блогум — «Кыргыз маданият борбору» унутта калгандай. Бул дароо ага киргендердин санына терс таасирин тийгизди. Кечээ алардын саны 100дөн да ашпаптыр 🙁 Мындай шумдук элдин көбү Интернетти таштап (же ага жете албай), эс алып жаткан дем алыш күндөрү гана байкалчу эле.

Блог — бул машине, үй сыяктуу эле нерсеге айланып калат экен. Бир аз убакыт эле көңүл бурбай койдуңбу, дароо бир балээси чыгат. Ошондуктан, блогду ачып жатканда, ага такай көңүл бура аласыңарбы, жакшы ойлонуш керек. Веб-булактарды алып барган адамдардын иш-тажрыйбасы көрсөткөндөй, окурмандарыңардын саны өсүп туруусун кааласаңар, аларды кызыктырган материалды бери дегенде жумасына бир-эки жолу жарыялап турушуңар керек. Алыңар жетеби? Убактыңар болобу? А мага окшоп бир нече сайт, блогдорду ачып алсаңар, алардын атаандаштыгы башталат. Кимге тартаарыңды билбей кыйналып каласыңар. Же кыйналбагандар барбы? Андай болсо, кантип буга жетише алдыңар, тажрыйбаңар менен бөлүшпөйсүңөрбү?

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *