Менин хоббим

 

Ар-бир адамдын иштен сырткаркы кызыгуусу, хоббиси болот окшойт. Меники — кагаздан учактарды жасоо. Бул балалык кезимде учкуч-космонавт, авиаконструктор болом деген кыялымдын ишке ашпай калганынан болушу керек. 🙂

Кагаздан учакты жасоо боюнча ар-түрдүү интернет-булактарды кыдырып жүрүп ушуга окшош булактардын кыргыз тилинде жок экендигин байкадым. Аз болсо да кыргыз тилиндеги кызыктуу интернет-чөйрөсүн өнүктүрүүгө салымым болсун деп «Учак» деген аталыштагы блог ачкан элем. Анда бир нече кагаз учактарды жасоо ыкмалары келтирилген. Ошондой эле чакан болсо да кыргыз тилиндеги авиа энциклопедияны түзүү аракетим бар. Бирок бул блог көп убакытты талап кылгандыктан, акыркы кезде ага эч нерсе жайгаштыра элекмин. Ага кол жеткен бир күн да келээр дейм.

Балдарыңарга кагаздан учак жасап бергиңер келсе, же өзүңөр да бала кезден бери асманга учуу кыялы менен «ооруп» келсеңер, блогума кирип тургула.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *