Блог ачууга билдирме жиберип, бирок жообун ала электерге

Биз блогду каттоону автоматташтырган элек. Билдирме жөнөтөрүңөр менен сайт өзү сиздин блогуңуздун дарегин каттап, сизге ага кирүүгө Логинди жана Сыр сөздү жөнөтүшү керек болчу. Бардыгы ошондой эле жасалып жатат. Бирок негедир кээ бир адамдарга сайтыбыздын жооп каты жетпей жатыптыр.

Иликтөөбүз көрсөткөндөй, эки нерсе байкалды:

1. mail.ru кызматында почтасын ачкандарга кайсы бир белгисиз себептерден сайтыбыздын жообу жетпейт экен;

2. башка почтада катталгандарда сайтыбыздын жообу СПАМга түшүп калат экен.

Ошондуктан, блогдун катталышы тууралуу жоопту көптөн бери күткөндөр алгач СПАМды карап көрүңүздөр.

Ал жактан да керектүү катты таба албасаңар, анда сиз жана почтасы mail.ruдагылар түз эле бизге бул даректерге кат жазсаңыздар:

nuraz17@gmail.com

tokoevm@gmail.com

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *