Блогдун окурмандарын көбөйтүү

Бул материалдын жаралышына Үсөн Касыбеков байке себепкер болду. Тагырак айтканда, Үсөн байкеге жазганымды бир аз оңдоп, калың журтка да сунуштап көрөйүн дедим. Анткени бул жерде көтөрүлө турган маселе өз блогдорун алып барып жаткандардын көбүн түйшөлтүп келсе керек.

Бул маселе — кантип блогдун окурмандарын көбөйтсө болот?

Мен өзүмдү бул маселе боюнча чоң адисмин деп эсептебейм. Бирок үч жылдан бери өз блогумду алып баруу менен бир топ тажрыйба топтой алдым го деп ойлойм.

Азыр заман ушундай болуп калды  — жакшы жазганың аздык кылат, эмгегиңди рекламалашың да керек. Болбосо жазганыңды эч ким деле билбей калат.

Блогуңардын окурмандарын көбөйтүш  үчүн алгач төмөнкү жөнөкой нерселерди кылсаңар болот:

1. Визиткаңызга блогуңуздун дарегин бадырайтып жазып коюңуз. Көзгө дароо урунсун. 🙂

2. Ар бир каттын алдында сиздин аты-жөнүңүз жазылган жерине блогуңуздун да дарегин кошуп коюңуз.

3. Блогго макала жарыяласаңыз жакын досторуңузга макалага шилтемени жайгаштырып кат жөнөтүп туруңуз, окуп койгула деп.

4. Гезиттерге макала жарыяласаңыз, аты-жөнүңүз жазылган жерге сиздин блогдун дареги да жазылышын сурангыла.

5. Социалдык тармактарда катталып коюңуз. Бул Фейсбук, Мой мир, Я.ру ж.б.д.у.с. Аякта да макалаларга шилтемелерди жайгаштырып, башкалар менен бөлүшүп турсаңыз болот.

Социалдык тармактарда канчалык досторуңуз көп болсо, ошончолук көп адам сиздин жазгандарыңызды окушу мүмкүн. Соц тармактарда башка дагы топтордо (группа, сообщество), башкалардын беттеринде макалаңарга шилтемелерди жайгаштырсаңыз болот. Бирок оруну менен 🙂

Айтылган нерселер бир гана учурда иштеши мүмкүн, эгер сиз көпкө токтотуп койбой, блогуңарга материалдарды үзгүлтүксүз чыгарып турсаңыз жана жазгандарыңыз башкаларга да кызыктуу болсо.

One thought on “Блогдун окурмандарын көбөйтүү

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *