Дүйшөн Жапаров тууралуу

Сакадай бою сары алтын деп так ушу Дүйшөн Жапаровдой кишилер тууралуу айтылса керек. Жапалдаш бойлуу, өңү саргыч, кыймылдаганы, кебетеси аны көргөн адамдын жылмаюсун жараткан бул киши чылкый поэзия алтынынан турат.

Ырларын окуп дароо буга макул болосуң. Дагы, дагы окугуң келет.

Бирок ошол эле кезде бул киши тууралуу, анын ырларын окуп билгендер аз. Буга анын тагдыры да, өзүнүн кулк-мүнөзү да себепкер болушу керек. Өзү тууралуу жар салганды жакшы көрбөйт. Ырларын жарыялаганга да умтулбайт. Ыр жазуу ага адамга дем алуу сыяктуу кадыресе көрүнүш. Балким ошондонбу.

Ушуга байланыштуу анын ырларын тапканда алтынды тапкандай сүйүнөсүң. «Жаңы Агым» гезити ырларынын чоң топтомун басып чыгарыптыр. Мурда бир кезде жарыяланган мынчалык көп ырларын кезиктирген эмесмин. Агымдын балдарына рахмат айткым келет. Кантип буга жетишие алышты экен? Жаңы ырларын Интернеттин ар-кайсы булуң-бурчунан издеп чогулткан ырларына кошуп койдум. Алар бул жерле.

2 thoughts on “Дүйшөн Жапаров тууралуу

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *