Кыргыз тилиндеги сайттардын тизмеги

Сүрөт http://freelance.kg сайтынан алынды

Бир кезде «Кыргыз маданият борбору» блогумда кыргыз тилиндеги сайттарды, тагыраак, аларга шилтемелерди бир жерге чогултууну аракет кылып көргөн элем. Бирок, ал кезде кыргызча «сүйлөгөн» сайттар азырак болуп, бир адамга бул маалыматтарды чогултуу көп деле кыйынчылкка турган эмес. Бүгүн болсо күн санап жаңы сайттар пайда болууда. Аны менен катар айрым веб-булактар жабылып калып жатат. Алардын баарын бир адамга билүү азыр оордук кылат. Мүмкүн да эмес.

Чогулуп, бул ишти жасап көрбөйлүбү? Анткени кыргыз тилдүү сайттарга шилтемелер бир жерде болсо, интернет колдонуучуларга керектүү темадагы сайтты же маалыматты табуу бир кыйла жеңилдейт эмеспи. Бир-бирибизге жардам берели!

Бир гана ушундай топтомдорду түзүү тажрыйбама таянып бир катар чектөөлөрдү киргизип алсак.

— Негизги тизмекке 1 жылдан ашык иштеген сайттарды гана киргизели. Жаштарын «талапкерлер» катарында кармай туралы. Анткени 1 жыл сайттын туруктуулугун аныктаганга жетиштүү убакыт. Жашоо көрсөткөндөй, убактылуу ачылган, же көпкө жашай албаган сайттар айрым гана учурда бир жаштан аша алышат.

— Айрым сайттарда материалдар кыргызча, орусча аралаш чыгарылат. Мындайда кыргыз тилдүү макалалардын үлүшү жалпы материалдардын 50%инен кем болбогондо гана бул веб-булакты тизмекке киргизебиз.

Мындай чектөөлөрдү койгонубуз тизмегибиздин абройлугун арттырат болуш керек деген ойдомун.

Шилтемелердин тизмеги өзүнчө баракчага жайгаштырылат. Көрөңгө катары «Кыргыз маданият борборундагы» булактарга шилтемелерди алалы. Бир гана алар жаңы рубрикалар боюнча бөлүнүштүрүлөт.

5 thoughts on “Кыргыз тилиндеги сайттардын тизмеги

  1. «Онугуу» кыймылы жаны сайт ачты Ал сайтта баардык маалыматтарды окууга болот. Эгерде ким кызматташууну кааласа ар дайым томонку электрондук дарекке жанылыктарын салса болот.
    onuguu_press@mail.ru Жанылыктар кабарлар так,далилдуу жана факт менен болуусу шарт

    • Рахмат. Мен сайтты «Мамлекет жана коом» рубрикасына койдум. туура кылдымбы? Же сайтыңарды жаңылык сайттарынын катарына киргизиш керек беле?

  2. Биздин сайттын иштегенине 1 жылдан ашты. Сайт саясатчылардын убадасын көзөмөлдөйт. «Политмердин» кыргызча версиясы өзүнчө бөлүнгөн жана материалдардын үлүшү 50 пайызды түзөт. Менин оюмча, биздин сайт сиздердин тизмеге кирүүгө бардык шарттарга жооп берет.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *