Тадато Окура сандын сөздүгү

Тадато Окура сан «Кыргызча-жапончо жана жапончо-кыргызча» сөздүгүн чыгарды. Бул тууралуу ал өзүнүн Фейсбуктагы баракчасында августтун аяк чендеринде жарыялаган.

Анын билдирүүсүндө, бул сөздүкту «Централбно-Азиатская правовая библиотека» басып чыгарган. Сөздүк сатылууда. Кызыккандар аны төмөнкү дарек боюнча сатып алсаңар болот:

«АКАДЕМИЯ» басмасы

Бишкек ш., Чуй пр., 265а, 322а-бөлмө.

тел: 0312 655-673

Сатыктан түшкөн каражаттар Нарын шаарындагы жетимдердин мектебине жиберилет дейт Тадато Окура сан.

Бул китеп  жана келечектеги сөздүккө байланыштуу анын пландары  тууралуу маалыматты «Кыргыз маданият борбору» блогуна жайгаштырсамбы деген ниетте сөздүктүн авторуна бир катар суроолорду узаттым эле, азырынча жооп ала элекмин. Убакыты тар болуп жатса керек. Шарты болгондо жооп береттир деген үмүттөмүн.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *