Тилектештикти билдирүүгө!

Бүгүн саат 11:00дө Жогорку Кеңештин алдына журналисттер нааразычылык акцияга чыгышат. Митингге чыгууга айрым депутаттардын НТС телеканалынын кабарчыларына терс мамилеси жана журналисттердин өз ишин алып баруусуна жолтоо кылуусу себеп болду.

Бул жерде НТС каналынын иш алып баруусуна, анын маалыматтык саясатына, журналисттерине ар-түрдүү көз карашта болушубуз мүмкүн. Бирок бул нааразычылык акцияга чыгуу менен биз кайсы бир гана ЖМКнын таламын талашып, аны гана коргобостон, жалпы кыргыз журналистикасын коргоого чыгып жатканыбызды эске алсак. Анткени НТС телеканалынын журналисттерине байланыштуу окуяга окшош окуялар буга чейин да болгон эле.

Эгерде бүгүн да унчукпай койсок, журналисттер иштеген ЖМКларына, ЖМКнын тилине, менчиктигине, ээсине карабай бир тилектештиктеги күч экенин көрсөтпөсөк, эртең сөз эркиндик талаасы таарыбайт, журналисттерге буюм катары мамиле кылынбайт деп эч ким кепилдик бере албайт.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *