Качан акылдуу болобуз?

Байыркы грек философу Гераклит айтты эле:  «Нельзя дважды войти в одну реку». Биз болсо койбойт экенбиз аракетибизди. Керек болсо, андан да ашып кеттик го.  Улам эле тырмоокту басып, башыбызды көгөртүп жүрөбүз. Дагы да көгөртөлү деп жатабызбы?

Ак Үйдү басып алуулар менен жашообуз жакшырып кеттиби? Жакшырса, ошол басып алуулардын жыйынтыгында бийликке келгендердики гана болбосо, эл негизинен, мурда кандай жашаса, ошол эле бойдон жашап келетат.

Анан бул эмне деген митинг? Уюштуруучулардын бири, Ак Үйгө кол салуу болгондо, мен ал жерде жок болчумун дейт. Бир нерсени уюштургандан кийин, ага жоопкерчилик моюнда болгондон кийин аягына чейин турбайбы.

Аянттагы бүгүнкү окуяга сереп салып анын уюштуруучулары, кандай сценарий ойлонуштурганын болжолдосо болот. Эртеңки күн үчүн чоочулайсын. Кымындай элибиз экиге-үчкө бөлүнүп калбагай, гой. Африканын көп өлкөлөрүн жакырчылык аңынан чыгарбаган бөлүнүп, араздашууга тушугабызбы?

Аянттан алынган сүрөттөрду карап, кайран журналисттер, кайрадан митингчилердин эң алдында экенин байкайсың. Журналисттик эң жакшы кабар, фотосүрөт адамдын өмүрүнө арзыбайт! Журналисттер да сабак албайт окшойт.

2 thoughts on “Качан акылдуу болобуз?

    • Кумтөргө байланыштуу маселе мени да кайдыгер калтырбайт. Бирок улутташтыруу жарабайт. Анткени анда бизге эч ким ишенбей калат, биз менен эч ким иштешкиси келбей калат. Бир гана элдин, өлкөнүн кызыкчылыгындагы жаңы келишимди түзүш керек. Мына ушуну талап кылыш керек деп ойлойм.
      Эгер бийлик пикириңди укпаса, көңүл бурбаса, нааразылык акцияларды өткөрүү бул ар-бир жарандын укугу. Бирок митинг менен басып алуунун ортосунда чоң айырмачылык бар.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *