Блог тууралуу катка жооп

journalist.kg сайтындагы блогерлерибиздин бири бизге төмөнкү мазмундагы кат жөнөтүптүр:

Сиздерге менден өтүнүч жана сунуштар бар:

1. Эгер мүмкүн болсо башка темаларды да кошуп коесуздарбы. Чыгармачыл адам бир орунга тургусу келбейт экен.

2. Башка коомдук желелерге бөлүшүү плагинин да өзгөртсөңүздөр сонун болмок. Мисалга, Клооптуку сыяктуу, Биз дагы Клооптон кем калбай, алар менен тең тайлашып journalist.kg сайтын башкаларга атаандаштык жаратуучу кылышыбыз керек.

3. Видеолорду жайгаштуруу плагинин орнотуп койсоңуздар.

Көч бара бар оңолот дейт. Баардыгы эле бир убакытта чечилбейт, эгер аркы берки жагынан көйгөйлөр болсо түшүнүү менен кабыл алам.

Мындай катты алганда ким гана болбосун сүйүнөт болушу керек. Биз да кубанып турабыз. Демек тилегибиз бир болуп, сайттын келечеги үчүн күйүп, аны жакшыртууга колунан келген көмөгүн көрсөтө тургандар да бар экен.

Ошону менен катар, бул катта көтөрүлгөн суроолорго жооптор да блогчуларыбыздын көбүн кызыктыраттыр деген ойдобуз. Эмесе ирети менен жооп берейин.

1. Сайтыбызда блогду ачуу мүмкүнчүлүгүн ойлонуштуруп жатып, блогдордун жасалгасы (темасы) тууралуу көп ойлондук. Бир чети блогдордун кооз болгону, блогдун мазмунуна, авторуна байланыштуу бири-бирине окшош болбогону бизди кызыктырды. Ошол эле кезде, журналистерибиздин арасында блог алып баргандардын саны аз болгонун; ал эми блог алып баргандардын көбү да блогдун көп мүмкүнчулуктөрүн колдоно билбегенин эске алып, элди кыйнабай эле жөнөкөй теманы (жасалганы) сунуштайлы дедик.

Анан да, бул менин жеке пикирим, блогду бири-биринен айырмалаган негизги көрсөткүч – бул анын жасалгаланышы эмес, анын мазмуну. Биздин блогчулар, биринчи кезекте, кызыктуу маселелерди көтөргөнү менен, кызыктуу тексттерди жазгандары менен айырмаланып турса экен деген ойдо элем.

Бирок, эгерде блогду алып баруунун мыкты өздөштүргөндөр чыкса, блогдо биз караган нерселер ага аздык кыла турган болсо, айрым мыкты блогчулар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып берүүнү ойлонуштуруп көрөлү.

2. Социалдык тармактар менен бөлүшүү плагиндерин, чын эле, кызыктуурак, көрүнүктүүрөк кылсак болот эле. Бул тууралуу да ойлонуп көрөлү.

3. Видеолорду жайгаштыруу плагини жок эле, ар-бир блогчу өз блогунда видеолор менен бөлүшө алат. Бир гана, алар (видеолор) алгач адистештирилген сайттарда жайгаштырылышы керек, мисалы youtube кызматында. Бул сайттын жеңил болушун, анын бат жүктөлүп, ачылышын шарттайт.

Мисал катары мен төмөндө youtube жана namba сайтындагы видеолорду өз блогума жайгаштырдым.

Аларды жайгаштыруу жолдору тууралуу кечирээк өзүнчө пост (макала) жазмакчымын.

4 thoughts on “Блог тууралуу катка жооп

  1. Убада кылганыбыз, маселени чечтик дегенибиз эмес 🙂 Балким эрте сүйүнүп жаткандырсыңар. Техникалык жактан бул мүмкүнбү, ошону карап көрөлү, мүмкүн болсо, жаңы темаларды киргизели деген гана убада болчу. Ошондо да жаңы темаларды блог менен жакшы иштеп, анын акы-чүкүсүн жакшы билген блогчулар үчүн гана караштырышыбыз мүмкүн.
    Ошондой эле плагин маселесин чечкенге аракет кылып жатабыз. Сайт жасаган адамыбыз не дейт болду экен? Негизги маселе, жаңы нерселерди киргизүү менен жалпысынан сайттын ыкчам жана туура иштешине доо кетирип албасак экен.

  2. Ооба чындыгында сиздерге кат жоноткон адам да Азамат экен! Эми кудайым буюруса видеолорду койсок болот турбайбы! бул абдан жакшы,анда мындан ары блог активтуу иштейт турбайбы! Бул мени абдан кубандырат! Чындыгында жогоруда айтылгандай блогдордун таймашын, макалардын активдуулугун корсотуп тургандай болсо жакшы болмок. Ал эми блогтун темаларын да озкортсок жакшы болмок эле,Бирок кантсе дагы сайттын жааматына ийгилик, ушчалык бизге мумкунчулук тузуп берип жатканыныздарга! Ишиниздерге ийгилик! Калеминер курчуй берсин!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *