Баткен облусунун Сүлүктү шаарында чыгып жаткан «Шахтер жолу» гезити быйыл 90 жылдыгын белгилейт дейт “Ош шамы” гезити. Бул маалыматка ишенсек, ал 1922-жылы 11-июлда «Сүлүктүлүк тоо жумушчусу» деген ат менен чыга баштаган экен.
Баткен облусунун Сүлүктү шаарында чыгып жаткан «Шахтер жолу» гезити быйыл 90 жылдыгын белгилейт дейт “Ош шамы” гезити. Бул маалыматка ишенсек, ал 1922-жылы 11-июлда «Сүлүктүлүк тоо жумушчусу» деген ат менен чыга баштаган экен.
Бүгүн wordpress.com блогдор порталынын ачылганын көрүп сүйүнүп кеттим. Бул жакта “Кыргыз маданият борбору” блогумдун күзгүсү бар эле. Аны жаңылып туруу, аз болсо да, убакытымды алат эле. Бирок анын акыбетин жакында көрдүм. КЛООП порталына жайында хакердик чабуул жасалып, бул порталдагы бардык блогдордун бир нече ай аралыгындагы материалдары жоголуп кеткен эле. Порталдын балдары бул жоголгон материалдарды таап, толуктаганга аракет кылышканы менен, айрым материалдар туура эмес ачылып, же такыр ачылбай калган. Мендеги ошондой материалдарын көбүн күзгү блогумда сакталган материалдар менен толуктаган элем.
Кытайлык кыргыз жигити Ташкын кытайлык кыргыздардын сайттарынын тизмегин жибериптир. Аларды Кыргызча сайттар барагына кошуп койдум.
Бүгүн журналисттердин коопсуздук маселеси боюнча ИМП уюштурган тегерек стол болуп өттү. Бул иш-чаранын өзгөчөлүгү – ага дээрлик бардык укук коргоо органдарынын “чечим кабыл алуучу” деңгээлиндеги өкүлдөрүнүн катышкандыгы болду. Буга уюштуруу иштерине Президенттик администрациянын жана өкмөт аппаратынын катышкандыгы себеп болду окшойт.
Всем бишкекчанам, наверное, давно уже надоели пробки на дорогах из-за различного рода кортежей. Особо достают правительственные кортежи по утрам, когда высокопоставленные госмужи едут на работу, преграждая путь остальным простым смертным, кстати, тоже спешащим на работу.
Вот и сегодня тоже, как обычно, перекрыли дорогу для Кого-то. Но мне надо было перейти дорогу 2 раза: туда и обратно. Что немного облегчило мне эту задачу – я был сегодня без машины.
Учурда 31 ЖМК “Дем” сайтында катталып, жаңылыктарын жайгаштырып келишет. Дээрлик бардык аймактардын ЖМКлары бар. Баткенден баштап Нарынга чейин. Бул кичи мекенинен алыста жүргөн жердештерибизге жагымдуу нерсе болушу керек. Эми айыл жеринде эмне болуп жатканын аймактык маалымат булактарынан окуй алышат.
Урматтуу кесиптештер. Кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайбыз.
Бул жоопкерчилиги көп, түйшүгү арбын иште кайрат жана эрк, чыдамкайлыкты каалайбыз. Бекем ден соолук, үй-бүлөңүздөргө бакубаттык болсун. Чыгармачылык ийгиликтердин ээси, жакшы жаңылыктардын жаратуучу болуңуздар. Калеминиздер мокобосун.
Уважаемые, коллеги. Поздравляем Вас с профессиональным праздником Днем информации и печати КР!
Профессия журналиста требует большой ответственности, мужества и упорства. Желаем вам крепкого здоровья, воли и терпения. Пусть всегда сопутствует успех вашим начинаниям, а ваш добросовестный труд найдет отклик в сердцах читателей, телезрителей, радиослушателей. Пусть всегда ваше перо будет острым и не знает устали, а в ваших семьях будет благополучие.