Демде 31!!!

Учурда 31 ЖМК «Дем» сайтында катталып, жаңылыктарын жайгаштырып келишет. Дээрлик бардык аймактардын ЖМКлары бар. Баткенден баштап Нарынга чейин. Бул кичи мекенинен алыста жүргөн жердештерибизге жагымдуу нерсе болушу керек. Эми айыл жеринде эмне болуп жатканын аймактык маалымат булактарынан окуй алышат.

Башка окурмандарга да ыңгайлуу. Көптөгөн маалымат булактарынын сайттарына кирбей эле бир жерден ар-башка ЖМКлар эмне тууралуу жазып жатканын окуй алышат. Кудай буюрса, жакында ар бир сайттын колдонуучусуна анын каалоосундагы жаңылыктар топтомун түзүүгө шарт түзүп бермекчибиз. Ар-бир колдонуучу өзүнө жаккан ЖМКларды, рубрикаларды белгилесе, сайтка киргенинде ал жагат деп белгилеген ЖМКлардын аны кызыктырган рубрикалар боюнча гана жаңылыктарын окуй алат. Башкача айтканда  толтура ашыкча жанылыктарды окуп убактысын текке кетирбейт.

2 thoughts on “Демде 31!!!

    • Ар-бир ЖМК өз алдынча катталышы керек. Анткени макалаларды өзүңөр жайгаштырып турасыңар. Биз бир гана аянтча берип жатабыз. 🙂

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *