Блогумдун күзгүсү жана анын пайдасы

Бүгүн wordpress.com блогдор порталынын ачылганын көрүп сүйүнүп кеттим. Бул жакта «Кыргыз маданият борбору» блогумдун күзгүсү бар эле. Аны жаңылып туруу, аз болсо да, убакытымды алат эле. Бирок анын акыбетин жакында көрдүм. КЛООП порталына жайында хакердик чабуул жасалып, бул порталдагы бардык блогдордун бир нече ай аралыгындагы материалдары жоголуп кеткен эле. Порталдын балдары бул жоголгон материалдарды таап, толуктаганга аракет кылышканы менен, айрым материалдар туура эмес ачылып, же такыр ачылбай калган. Мендеги ошондой материалдарын көбүн күзгү блогумда сакталган материалдар менен толуктаган элем.

Бирок бизде wordpress.com дайыма эле ачыла бербейт. Бул жактагы айрым блогдор казак бийлигине жакпагандыктан, бул порталга кирүүнү кыйындатышкан эле. Биз интернетти казактар аркылуу алгандыктан, анын кесепетин биз да сезип жүрөбүз. Бирок бүгүн, Кудай жалгап, wordpress.com ачылып калыптыр. Мүмкүнчүлүктөн колдонуп «Кыргыз маданият борборунун» күзгү блогун жаңылап койдум. Аны кантип автоматтыштырса болот, жакынкы күндөрдө айтып берермин.

Бул жакта мен бир кезде эксперимент катары ачкан дагы бир блогум бар эле. Жөн эле иштебей жата бербесин деп аны бул блоугмдун күзгүсү кылып койдум.

Негизи, күзгү блогдун болушу, блогуңардын үзгүлтүксүз иштешине жакшы өбөлгө. Бир блогуңарга кирүү мүмкүн болбосо, экинчисине кирсе болот. Бир блогдо материалдар кайсы бир себептен жоголуп кетсе, аны башка блогдон алып толуткап койсо болот.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *