Мелис Эшимканов атындагы коомдук фондунун кайрылуусу


Урматтуу кесиптештер!

2012-жылдын 9-декабрында Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өлкө журналистикасынын бүгүнкү абалына арналган конференция өтөт. Мелис Эшимканов атындагы коомдук фонд бардык маалымат каражаттарынын жана чыгармачыл интеллигенциянын өкүлдөрүн маалыматтык мейкиндиктеги көйгөйлөрдү талкуулоого жана жол издөөгө чакырабыз.

Конференция Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын кичи залында саат 10.30да башталат.

*Бардык суроолор боюнча 0312 890959 номери аркылуу кайрылсаңыздар болот.

Ошол эле күнү Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын чоң залында Мелис Эшимкановду эскерүү кечеси өтөт. Кыргыз тилдүү эгемен басмасөзүнө чыйыр салуучу, чыгаан саясатчы жана коомдук ишмер Мелис Эшимканов көзү тирүү болгондо быйыл 50 жашка толмок. Анын ысмын алган коомдук фонд Кыргызстан журналисттеринин арасында конкурс жарыялап, Мелис Эшимканов атындагы сыйлык жарыялаган.

9-декабрда Жылдын мыкты журналисти аныкталып, аталган сыйлыктын алгачкы жеңүүчүсү аталат. Сыйлыктын өлчөмү 100 000 сомду түзүп, жыл сайын бир гана журналистке берилип турат.

Эскерүү кечесинин башталышы саат 13.00

2 thoughts on “Мелис Эшимканов атындагы коомдук фондунун кайрылуусу

  1. эшимкановду эскерип, конкурс жарыялап жатканынарга ыракмат, бирок сыйлыкты, жалан эле анын досторуна берип жатканынар туура эмес… мен, береке сайтына комментарийлерди жарыялап жатам, бул сыйлык мага да берилеби? же дем.кжнин эле кишилери алабы?..

    • Пикириңерге Рахмат.
      Бирок, оболу, Эшимкановдун сынагын уюштуруучулар биз эмес экенибизди айтып коюшум керек. Бул анын жубайы Аселдин кылган эмгеги, аракети. Ал эми сыйлык ээлери боюнча айта турган болсом, аны жалгыз адам чечпейт, жоон катар жюри чечет. Бирок, менин баамымда Алым байке менен (жаткан жери жайлуу болсун) Түгөлбай байке туура эле алышты.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *