Манасты унуткан Тазбайматка окшоп…

Бул блогумда кыргыз тилдүү сайттарлын тизмегин түзүп, аны жаңы тапкандарым менен толуктап келатам. Бүгүн да эки жаңы сайтты киргизип жатып, бул тизмектин ичинен биздин уюм өзү ачып иштетип жаткан «Дем» деген сайтыбыз жок экенин байкадым. Ага кошо уюмубуздун сайтында ачылган бир топ кызыктуу кыргыз тилиндеги блогдорубуз да (Кыргыз көчү, Жаназык, Кызгалдак ж.б.) жок экен. Кудум эле Манасты унуткан Тазбайматка окшопмун 🙂

Аларды кошуп койдум. Бүгүнкү күндө мен тапкан, мен билген кыргызча сүйлөгөн сайттардын саны 248ге жетти. Мен эми Көрөгөч Мамыт болбогондон кийин, көз жаздымымда калган дагы көп сайттар болушу мүмкүн. Билгениңер болсо, бөлүшкүлө.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *