Студенттердин мени кубанткан демилгеси

«Медиа көпөлөк — 2013» экинчи студенттик фестивалдын ачылышан келдим. Ачылыш аземинде кубанып отурдум — иш чаранын демилгечилери да, уюштуруучлары да студенттердин өзүлөрү экен. Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин студенттери. Фестивалдын экинчи ирет өткөрүлүп жатышы, болгондо да бул жолу аталган окуу жайдын студенттерин гана камтыбастан, башка окуу жайлардын студенттерин да тарткандыгы, менимче, жакшы кабар.

Фестивалдын максаты, «ар кыл жогорку окуу жайларынын медиа-студенттер жана медиауюмдар арасындагы баарлашууга негиз түзүү, студенттерди медиапродуктулардын жана аны аткаруунун сапатын жакшыртууга чакыруу.«

Мени «Экономикалык журналистика» багыты боюнча жюринин мүчөсү катары чакырышты. Студенттик иштерди экономикалык илимдер доктору Кубанычбек Идинов жана Кыргызстандагы экономикалык журналистканы өнүктүрсөм деп жан үрөп талбай аракеттенип келген Надежда Добрецова менен биргеликте карамакчымын.

Мени сурабай эле бул багыттагы жюринин курамына киргизип койгону бир аз таңгалтырды. Так бутага тийди десем болот. Бир кезде так ушул экономика жаатында аналитикалык макалаларды жазуу боюнча адистешкен элем. 🙂

Негизи эле ушул «Экономикалык журналистика» багытын фестивалдын программасына киргизгени — колдоого аларлык нерсе. Кыргызстандыктарга ушул жааттагы жакшы макалалар жетишпей жаткансыйт. Мен урматтаган Надежда Добрецова өзүнүн жеке сайтында жазгандай, экономикалык журналистика — «это поиск, анализ и изложение информации об экономике, что позволяет любому человеку принять верное решение для защиты своих материальных интресов. Иными словами, экономическая журналистика — это оружие против бедности«.

Сүрөт http://ai-cdr.ucoz.ru сайтынан алынды

One thought on “Студенттердин мени кубанткан демилгеси

  1. Студенттердин бул фестивалы абдан колго алаарлык… Эң кызыгы бул иш-чараны саналуу эле активист студенттер уюштуруп коюшту. Эми дагы жакшылап аракет кылып, дасыккан журналисттер жардамын аябаса, ири студенттик фестивалга өсүп жетилет. Маселен, Түркияда «Жаш журналисттердин сынагы» студенттер арасында абдан популярдуу… Түркчө билген кыргыз студенттерге чоң стимул берген…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *