Блог ачаардын алдында

Блог ачкканга кызыккандар көп учурда эмнеден баштаарын билбей бушайман болушат. Так ушул кезде алар тажрыйбасы бар бирөөнүн кеп-кеңештерине өзгөчө муктаж. Менин тажрыйбам чоң деп айта албайм. Бирок билгенимдин пайдасы тийип калаттыр. Төмөндө келтирилген кеңештерим бир кезде орусча жазган макаламдын кошумча-алымчасы менен котормосу.

1. Блог ачаардын алдында, ал эмне тууралуу болоорун алдын-ала тактап, чечип алыш керек.

Башкача айтканда, эмне тууралуу жазасыңар, кайсы тилде жазасыңар, кандай барактар жана рубрикалар болоорун тактап алышыңар керек. Таза баракчага келечектеги блогуңардын сүрөтүн (макетин) тартып, барактардын, рубрикалардын тизмегин түзүп алсаңар эң жакшы болот.

Кайсы бир адамдын өзү тууралуу жазган блогдорго караганда тематикалык блогдор, б.а. кайсы бир кууш темага арналган блогдор (мисалы, кыргыз футболу, кагаздан учак жасоо, чыгармачылыгыңар, ж.б.д.у.с.) адатынча адамдар үчүн кызыктуурак болоору аныкталган. “Не бывает правил без исключение” дегендей, эгер сиз белгилүү бир адам болсоңуз, балким өзүңөр тууралуу, өзүңөрдүн ойуңарды жазган блогуңуз башкаларга кызыктуу болушу мүмкүн.

2. Блогдун тематикасына, блогго күнүнө бөлө ала турган убактыңарга жараша блогдун тийиштүү дизайнын жана жасалгасын, сырткы көрүнүшүн (темасын) тандашыңар керек.

Блогдун ички мазмуну менен сырткы көрүнүшү дал келсе — эң сонун. Эгер блогго күнүнө убакыт бөлө ала турган болсоңор, сиз жазган макалалар биринчи бетте көрүнүп турган теманы тандаганыңар он. Ал эми убактыңар тар болсо, анда кайсы бир баракка же сүрөткө басым кылынган теманы тандаган туура болоттур. Вордпрессте сизге жаккан толтура шаблондорду тапсаңар болот. Биздин блогдук платформада да тандоого жетиштүү темалар бар.

Башкача жолу да бар. Блогду жөндөп (настройка кылып) жатканда кайсы бир статикалык баракты негизги бет катары көрсөтүп койсоңор болот (блогдун дарегин жазганда окурманга биринчи болуп ушул бет көрсөтүлөт). Мисалы, менин бул блогум менен бул “SOS Фонд” блогун салыштырып көргүлө.

3. Эгер блогуңар кызыктуу гана эмес, кооз да жана маалыматтуу да болушун кааласаңыз HTML тилинин жок дегенде негиздерин билип лаганынар оң.

Бул тилдин негиздерин билсеңиз сиз блогуңузга блогдун мүмкүнчүлүктөрүн арттыра турган ар-түрдүү виджеттерди, баннерлерди, таблица жана фото (видео) файлдарды жайгаштыра аласыз. Азырынча биздин платформада ачылган блогдорго кантип видеону жайгаштырса боло тургандыгы тууралуу сабагым бар. Жакында баннерлерди жайгаштыруу боюнча сабак жазмакчымын.

4. Блог такай негизде убакыт бөлүп турууну талап кылат.

Блогго такай негизде материалдарды (постторду) жазып туруш керек. Болбосо, окурмандарыңардын санынын өсүшүн камсыздоо оор болот. Сиздин блогго кирип жаткан окурман кирген сайын андан жаңы бир нерсени табаарына ишениш керек. Бир кирип, эки кирип баягы эле эски материалдарды көргөн окурман эмкиде сизге кирбей коюшу мүмкүн.

5. Блог ачайын деп блогдук платформаны тандап жатканда (блогду акысыз ачууга мүмкүндүк бере турган блогдук платформалар тууралуу айтып жатам), кайсы окурмандарга жаза турганыңарды (өз өлкөңөрдүнбү же чет элдикпи) аныктап алганыңар жакшы болот.

Менин чет элдик блогдук платформадагы блогдорумдун окурмандары адатынча аз. Бул мен, негизинен, кыргызстандыктарга гана кызыктуу болгон материалдарды жазганыма байланыштуу. Блогумдун тили да кыргызча болгону чоң таасир тийгизет.

Кыргызстанда төмөнкү ресурстарда акысыз блог ача аласыздар:

KLOOP — Кыргызстандагы, мүмкүн, эң чоң блогдук платформа (блогдор вордпресстин негизинде)

Diesel forum — КГ аймагындагы эң популярдуу булактардын бири.

Блоггер.КГ – блогдук жамаат. Бирок блогдордун саны анчалык деле көп эмес.

Namba.KG — акыркы кезде өтө тез өсүп жаткан порталдын бири. Анда блог ачууга мүмкүнчүлүк бар.

Journalist.KG — сиз окуп жаткан блог ушул жерде ачылган  (вордпресстин негизинде иштейт).

Чет элдик блогдук порталдардан төмөнкүлөрдү сунуштайт элем:

Живой журнал — орус тилиндеги эң популярдуу блогдук платформа. Мисалга, бул жердеги блогум.

blogger.com — бул жерде gmail.comдо катталган каалаган адам блог ача алат.

Ya.ru — мүмкүнчүлүктөру бир аз чектелген, бирок блогду башкаруусу өтө жөнөкөй. Яндексте почтасы бар каалаган адам блог ача алат. Мисалга, бул жерде ачылган менин блогдорумдун бири.

wordpress.com — wordpressти ойлоп тапкандардын блогдук платформасы. Мисалга, бул жердеги менин блогум.

Башка сабактар

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *