journalist.kg сайтындагы жаңы рубрика жана блогдор тууралуу

http://journalist.kg сайтында “Блогдордогу кызыктуу макалалар” деген жаңы рубрика ачылды. Анда бул сайтта ачылган блогдордо жарыяланган айрым кызыктуу материалдар жайгаштырылып турат. Бул окурмандарды кызыктуу материалдар менен гана тааныштырбастан, блогдун окурмандарынын санын да өстүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берет деген ойдобуз.

Белгилей кетсек, учурда бизде маал-маалы менен жаңыланып турган, б.а. активдүү 36 блог бар (бардыгы болуп бизде катталган блогдордун саны 70 тен ашат).

Биздеги дагы бир жакшы жаңылык – блогуңарды эми толугу менен кыргызчалай аласыңар. Буга чейин мен ВордПресстин кыргызчаланышы тууралуу кабар бердим эле. Биз дагы аны колдонууга аракет кылаарыбызды билдиргем. Биз убадабызды аткардык! Эми каалаган адам блогун толук кыргызчалай алат. Аны кантип жасаш керектигин Блог боюнча сабактардын эмкисинде жазам.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *