Жазуулардын чыгуу датасын пландаштыруу

WordPressте жазуулардын жарыялануу датасын пландаштыруу боюнча пайдалуу мүмкүнчүлүк бар. Бул эмне? Мисалы, сиз, илхам келип, бир күндө 2-3 макала жазып койдуңар. Бирок кийинчирээк мындай илхамдын кайра келишине ишеним жок болгондуктан, материалдардын бардыгын бир убакта жарыялабай, 2-3 күндө же жумасына бир макала жарыяланып турушун каалашыңар мүмкүн. Муну тийиштүү убакыт келгенде кезектеги макаланы жарыялоо менен ишке ащырса болот. А бирок аны жасоонун башка да жеңил жолу бар.

Макаланы кадимкидей эле блогго жазасыз. Тийиштүү рубрикаларын жа тегдерин белгилеп коесуз. Бирок аны жарыялаардын алдында текст жазылыган талаанын оң жана жогору жагындагы «Опубликовать» деген кызматка көңүл бурсаңыздар. Аталган кызматтан «Опубликовать сразу» дегендин жанындагы «Изменить» дегенди басыңыздар. Басканыңарда төмөнкүдөй терезече ачылат.

 

Жазуунун жарыяланышынын сиз каалаган датасын коюп, «ОК»ду басыңыз.

Эми жазууну жарыялай берсеңиз болот. Жазуу сиз белгилеген убакытта блогуңарга өзү жарыяланып калат.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *