WordPressтин кыргызча версиясын активдештирүү

http://journalist.kg сайтында ачылган блогдорду толугу менен “кыргызча сүйлөтүүгө” мүмкүнчүлүк түзүлгөн. “Кыргызча сүйлөтүү” дегеним блогдогу негизги нерселер: админ бет, макала жайгашкандагы айдын аталышы ж.б.д.у.с толгон нерселер кыргызча болот. Бардыгы 100%га толугу менен кыргызча болот деген алыспыз. Ага жетиш үчүн дагы толтура иш кылыш керек. Белгилей кетсек, WordPress ал эмес орус тилине толук которулуп бүтө элек.

Эми блогду кыргызчалатууга өтсөк. Аны жасаш жеңил эле.

Биринчи кезект админ бетиңерге кирип, сол жактагы Консольдон “Параметры” деген рубрикадан “Общие” дегенди ачабыз.

Ачылган баракчанын эң төмөн жагында жайгашкан “Язык сайта” дегенден “Kirghiz, Kyrgyz” дегенди тандап, “Сохранить изменения” дегенди басабыз.

 

Болду, блогуңар эми кыргыз өңүнө келип, кыргызча сүйлөй баштады.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *