«Көк асаба» гезитинин сайты

http://journalist.kg/ сайтында «Көк асаба» гезитинин блогу ачылды. Сырткы жасалгасы жасалып, алгачкы материалдар да жайгаштырылды. Менимче, жаман эмес блог болду! Кооз да, жеңил да, маалыматтуу да. Бул теманын өзгөчөлүгү — мобилдик интернетке да ыңгайлаштырылганы.

Киргиле, баалагыла!

Дагы ким бизде ушуга окшош сайттарын ачкысы келсе, кайрылгыла. Жардам беребиз. Шарттарыбыз бул жерде.

Жаңы темалар

Өзүңөр байкагандай менин блогумдун сырткы көрүнүшү өзгөрдү. Аны менен катар сайттагы керектүү материалдарды табуу боюнча дагы мүмкүнчүлүктөрү кеңейди. Мисалы, эми блогумдан  бир тилдеги гана материалдарды тандап алса болот (блогдун сол өйдө жагында). Бул http://journalist.kg сайтыбызга кошулган  жаңы 3 темага байланыштуу.

Булар өтө ийкемдүү темалардан болгондуктан, бир эле теманы колдонуу менен бир-бирине окшош эмес ар-түрдүү сайттарды жасаса болот. Бул өзгөчө бизде сайттарын ачкысы келген ЖМКларга кызыктуу болот го деген ойдомун.

Интернеттин кыргыз тилдүү сегменти. Абалы, маселелери, өнүгүү жолдору (2)

(Уландысы. Башы)

Кыргыз тилдүү Интернеттин өнүгүүсүнө жолтоо болгон нерселер

Интернетти колдонуу мүмкүнчүлүгүнүн чектелиши

Элдин Интернетти колдонуу мүмкүнчүлүгү али да чектелүү болууда. Аны шарттаган нерселердин бири – Интернет түйүнүнүн Кыргызстандын баардык аймактарына жакшы жете электигинде. Ал негизинен аймактагы шаарларга чейин гана жетип, айыл жергесинде жашагандар үчүн Интернет баягы эле “уккам, көргөм, бирок кармай элекмин” сыяктуу нерсе бойдон калууда. «Promotank HQA» компаниясы 2009-жылы жүргүзгөн изилдөөсү боюнча интернет-колдонуучулардын 77% Бишкектин тургундары. Ал эми кыргыз тилдүү калктын басымдуу бөлүгү так ошол аймактарда жашайт эмеспи. Аны менен катар борбор калаадан сырткаркы жерлердеги Интернеттин ылдамдыгы да, көбүнесе, өтө начар. Кайсы бир сайтка кирүү, почтаңды ачып каттар менен таанышуу – машакаттуу иш.

Толугу менен

Сайт Бишкекского дома-интерната для престарелых

Для Бишкеского дома-интерната для престарелых мы создали сайт. На нем можно будет получить информацию о доме-интернате, его подопечных, сотрудниках, жизни дома и т.д. Много фотографий и графики. Но, как говорится, лучше один раз увидеть, чем сто раз услышать, заходите сами и оценивайте — http://domstar.journalist.kg.

 

Интернеттин кыргыз тилдүү сегменти. Абалы, маселелери, өнүгүү жолдору (1)

Аталган макаланын өзөгүн Алматыда 2011-жылы өткөн конференцияда  окулган доклад түздү. Ушуга байланыштуу айрым маалыматтар эскирип калышы мүмкүн. Бирок жалпысынан, макаладагы айтылган нерселер кыргыз тилдүү интернетке али да мүнөздүү көрүнүш.

Бир аз тарыхка кайрылуу

Кыргызстанда алгачкы компьютердик тармак (сеть) 1991-жылы уюштурулган болчу. Ал Алматыдагы RICC түйүнү аркылуу 20 абонентти тейлей алган. 1992-жылы майда RELKOM тармагынын түйүнү катары “ИМФИКО” фирмасы иштей баштаган. 1994-жылы учурдагы ири интернет-провайдерлердин катарына кирген «Элкат» менен «Азия Инфо» компаниялары негизделген. Ал эми 2009-жылы Кыргызстандагы интернет-провайдерлердин саны 40ка жеткен.

Толугу менен

Хорошие возможности для журналистов…

… для подготовки хороших аналитических материалов открываются в последнее время с созданием ОНС.

ОНС часто организуют общественные слушания, где можно получить кучу интересных фактов и сведений.

Далее

На «Дем» уже 50 участников!!!

На сайте «Дем» уже зарегистрировались 50 СМИ и интернет изданий КР (отныне для экономии будем их называть участниками). Что показывает краткий анализ участников?

Далее

Гезитиңердин сайты жокпу? Жардам беребиз!

Учурда гезиттин сайты болбосо, аны замандан артта калган басылма катары кабылдашат. Бул түшүнүктүү. Интернет кошумча окурмандарды табууга, окурмандары менен тыгыз, заманбап байланышты түзүүгө жардам берет. Кыргыз тилдүү гезиттер да акыркы кезде Интернетте өз сайтын ачууга аракет кыла башташты. Ал эмес алыскы аймактык басылмалар.

Толугу менен

«Кыргыз маданият борбору» жаз менен кошо өзгөрдү

«Кыргыз маданият борбору» — алгачкы блогдорумдун бири эле. Аны иштетип жатып блог менен иштөөнүн сырларын да үйрөндүм. Учурда бул блогум Kloop порталындагы эң окумал блогдордун катарына кирет. Аны менен кошо билимим да өстү. Убакыт өткөн сайын блогдогу көп кемчиликтер да байкала баштады. Бирок аны өзгөртүүгө даабай жүрдүм эле. Ар-бир иштин бүтөөр өз маалы бар дегендей, бүгүн ал маал келген окшойт.

Толугу менен