Гезитиңердин сайты жокпу? Жардам беребиз!

Учурда гезиттин сайты болбосо, аны замандан артта калган басылма катары кабылдашат. Бул түшүнүктүү. Интернет кошумча окурмандарды табууга, окурмандары менен тыгыз, заманбап байланышты түзүүгө жардам берет. Кыргыз тилдүү гезиттер да акыркы кезде Интернетте өз сайтын ачууга аракет кыла башташты. Ал эмес алыскы аймактык басылмалар.

Бирок бардык эле ЖМКлардын буга чамасы жете бербейт. Сайтты ачыш үчүн азбы-көппү кошумча каражат керек. Бери дегенде эң жөнөкөй сайт үчүн 300-400 доллар. Аны менен катар сайтты иштете алган, ага материалдарды өз убагында чыгарып тура алган адис да керек. Бардык гезиттерде Интернетти да катырган, макала да жаза алган адисти табууга мүмкүн эмес. Дагы бир ойлонто турган нерсе – бул гезиттердин мезгилдүүлүгү. Алдыңкы деген гезиттерибиз жумасына ашып кетсе 2 жолу гана чыгат. Көбү жумалык гезиттер. Аймактык басылмаларды айтпай эле коелу. Айына бир жолу чыккандары да кезигет. Демек сайт сейрек жаңыланып турат деген маселе бар. Интернет сайттардын иш алып баруусу көрсөткөндөй, сайт канчалык сейрек жаңыланса, анын окурмандары да ошончолук сейрек болот.

Эмне кылыш керек? Бул маселени чечүүнүн бир канча жолу бар.

I. Гезитти Жанызактын “Кыргыз гезиттер айылына” каттатып, материалдарды ага жайгаштырып туруу

Артыкчылыгы:

1. Өзүнчө сайтты ачып убара болбойсуң. Кеткен чыгымыңар – гезиттин кезектеги санындагы материалдарды бул жерге жайгаштырыш үчүн бир аз төлөм. Менин билишимде, 200 сом.

2. Сайтка материалды жайгаштыра билген адистин зарылчылыгы жок. Материалдарды “Кыргыз гезиттер айылы” көрсөткөн электрондук дарекке жөнөтүп турсаңар эле болду. Кээде өзүлөрү да келип алып кетишет.

3. Бул сайтта 20дан ашык гезиттер катталган. Башкалардын материалдарын окуганы киргендер сиздин гезиттин материалдары менен да таанышып калышы мүмкүн.

4. “Кыргыз гезиттер айылы” көп жылдан бери иштегендиктен анын туруктуу окурмандары бар, күнүнө 1500-2000 адам бул сайтка кирип турат.

Кемчилиги:

1. Гезитиңиздин башкалардан өзгөчөлөнүп турган өз сайты болбойт. Бул жерде катталгандардын бири гана болосуз.

2. Кайсы бир макала боюнча окурмандын пикирин угуу мүмкүн эмес.

3. Гезитте жарыяланган материалдар менен таанышуу окурман үчүн бир аз ыңгайсыз. Гезиттин беттеринин сандары гана берилген. Кайсы бетте кайсы материал бар экенин билиш үчүн ар-бир бетти өзүнчө басып чыгыш керек.

4. Гезитте жарыяланган бардык фото материалдарды бул жерден таба албайсың, же алардын өлчөмү өтө эле кичинекей. Басылмаларда кызыктуу фото материалдарга басым жасалып жаткан учурда бул кейитпей койбойт.

II. Гезитти “Дем” сайтында каттоо

Артыкчылыгы:

1. Бул жерде катталуу жана материалдарды жайгаштырып туруу – бекер!

2. Бул жерге жайгаштырган материалыңарды тили, аймагы, материалдын негизги темасы боюнча (мисалы, экономика, билим берүү, саясат ж.б.д.у.с.) белгилей аласыз. Бул окурмандарга керектүү материалды жеңил табууга өбөлгө түзөт.

3. Материалды сайтка жайгаштыруу өтө жөнөкөй. Ага карабай бир аз кыйналсаңар, сайтка материалды кантип жайгаштыруу керектиги тууралуу баракчасы бар.

4. Материалды сайтка электрондук почта аркылуу жайгаштырса да болот. Бир гана сиз катталып жатканда сизге берилген дарекке материалды жана сүрөттү жиберип эле коюш керек. Материал өзү сайтка жайгаштырылып калат. Бул интернет байланышы начар гезиттерге өтө ыңгайлуу.

5. Сайтка материал менен кошо сиз каалаган фото сүрөттү, каалаган өлчөмүндө жайгаштыра аласыз.

6. Ар-бир материал боюнча окурмандын пикирин билүүгө мүмкүнчүлүк бар. Эгер кайсы бир материалга пикир түшсө, сиздин электрондук почтаңарга бул тууралуу билдирүү келет.

7. Бул сайтта учурда 40тан ашык ар-турдүү ЖМКлар катталган. Башкалардын материалдарын окуганы киргендер сиздин гезиттин материалдары менен да таанышып калышы мүмкүн.

Кемчилиги:

1. Бул жерде да гезитиңиздин башкалардан өзгөчөлөнүп турган өз сайты болбойт. Бул жерде катталгандардын бири гана болосуз.

2. “Дем” сайтынын саясатына ылайык, бул сайтка гезитке жарыяланган бардык материалдарды жайгаштыра албайсыз. Күнүнө сиздин пикириңизде мыкты делген 3-4 материалды гана жайгаштырып туруу сунушталат.

3. Сиз каалаган фото сүрөттү жайгаштыра алганыңыз менен, саны боюнча чектөө бар – 1 гана фото сүрөт.

4. Сайт жаңы эле ачылгандыктан анын туруктуу окурмандарынын саны азырынча азыраак.

III. Блог ачуу

Блог – бул жөнөкөй интернет колдонуучуларга ыңгайлаштырылган, жеңилдетилген сайт деп койсок болот. Бирок заманбап блогдор мүмкүнчүлүгү боюнча сайттардан кем калбайт. Ошол эле учурда аны колдонуп иштетүү жөнөкөй бойдон калды. Блог дегеним, аны бекер ачууга мүмкүнчүлүк берген порталдарды интернетте жеңил эле тапса болот. Кыргызстанда блогду ачууга эң жакшы шарттар КЛООП порталында жана биздин сайтта (http://journalist.kg) каралган десек болот. Экөө тең зор мүмкүнчүлүктөрдү берген, ийкемдүү WordPress башкаруу системасынын негизинде иштейт. КЛООПтун көп жылдык бай тажрыйбасы бар. Бирок биздин да артыкчылыктарыбыз арбын.

Биздин артыкчылыгыбыз:

1. Бизде катталган сайттардын дарегине journalist.kg деген жазуу жалганат. Мисал катары бизде катталган Ош окуучуларынын “Данек” гезитинин дарегин алалы: http://danek.journalist.kg. Мындай дарек:

— сиздин гезит журналистикага байланыштуу экенин көрсөтөт;

— сиздин гезит Кыргызстандыкы экенин билдирет.

Бирок сиз кааласаңыз, сизге жаккан башка интернет даректи сатып алсаңыз, биз аны сиздин сайтка бекитип бере алабыз. Мисалы, бул http://domstar.journalist.kg дарегиндеги блог бизде ачылган.

2. http://journalist.kg сайтында толтура башка кызыктуу блогдор ачылгандыктан, алардын окурмандары, сайттын өзүнүн да аз эмес сандагы окурмандары сиздин веб-баракчаңыздын да окурманы болуп калышы мүмкүн.

3. Биздеги блогдор кызыктуу, жарашыктуу болуусун көздөп биз колдонулуучу сырткы жасалга-темалардын санын өстүрүп, кыргыз тилинде блогду алып баруу боюнча сабактарды такай сунуштап турабыз.

4. Материалдарыңарга окурмандар пикирлерин жазып тура алышат. Башкача айтканда окурмандарыңар менен тыгыз байланыш түзө аласыз.

5. Кызыктуу жана кооз блогдорду жасоо боюнча бай тажрыйбабыз бар. Мисалы, “Кыргыз маданият борбору”, “Данек” гезити, Журналисттерге жардам берүү фондусу, Бишкектеги карыялар үйү, “Темирлик” блогу ж.б.д.у.с.

6. Эң негизгиси, биздин максат кыргызстандык журналистиканын өнүгүшүнө салым кошуу, өбөлгө түзүү болгондуктан бизден сайтты ачууда, аны жылдырууда (башкаларга таанымал кылууда) бизден бардык жардамды күтсөңөр болот.

Бизден бекер жардам

1. Блогду каттоо жана ачуу

Блогдун кызыктуу жана эсте калаарлык дарегин, аталышын табууга жана аны каттоого жардам беребиз.

2. Блогдун баштапкы жасалгасын жасоо

— Сиз сунуштаган логотипти блогуңарга бекитип берүү;
— Сиздин аватарыңызды бекитип берүү;
— Блогду кыргызчалап берүү;
— Сиз сунуштаган рубрикаларды ачып берүү;
— Макалаларды жайгаштыруу боюнча кеп-кеңештер;

3. Блогду жылдыруудагы жардам

— Сиздин блогдо жарыяланган айрым материалдарга шилтемелерди Фейсбукка жайгаштырып туруу;
— Сиздин блогдо жарыяланган айрым материалдарды блогуңарга шилтеме менен http://journalist.kg сайтына жайгаштырып туруу;

Акыга жардам

Аны менен катар биз блогуңарды ачып берүүдө, аны жасалгалоодо жана жылдырууда (блогуңарды башкаларга таанытууда) башка да жардамдарыбызбы бере алабыз. Бирок акы төлөп. Анткени бул иштер бир топ убакытты жана эмгекти талап кылат. Ошондой болсо да биз сураган каражат башкалар ушул эле иш үчүн сурагандан бир канча төмөн. Ошону менен катар биз бир канча башка да кошумча кызматтарды көрсөтөбүз. Өзүңөр баамдап көргүлө.

1. Блогду жасалгалоо

— Кызыктуу теманы тандап, аны сизге ылайыктап жасап берүү;
— Баракчаларды, рубрикаларды ачып, толтуруу. Менюну жасоо;
— Эсептегичтерди каттап, блогго жайгаштыруу (канча окурман кирип, канча барак окуганын, алар кайсы өлкөдөн экенин, кайсы баракчаларды окуганын, ж.б.д.у.с. нерселерди билип турасыз);
— Твиттерде аккаунтуңарды каттап, блогго материал жарыяланаары менен ал твиттерге автоматтык түрдө жарыяланып турушун жасоо;

Сиз менен алдын ала келечектеги блогуңар кандай болушун каалайсыз, ал тууралуу сүйлөшүү жүргүзүлүп, айрым техникалык талаптар такталып алынат.

Акысы – 2000-3000 сом.


2. Блогдун өздүк Интернет дарегин бекитүү

— Блогдун өздүк интернет дарегин тандоо жана каттоо;

— Бул даректи блогго бекитүү.

Акысы – Интернет даректин баасы + 500 сом.

 

3. Материалдарды блогго жана “Дем” сайтына жайгаштырып туруу

— Материалыңарды блогго чыгарып турууга өзүңөрдүн чамаңар жетпесе, же башка себептерден муну жасай албасаңыз сиз бизге почта аркылуу жиберип турган материалдарды сайтка сүрөттөрү менен жайгаштырып тура алабыз;

— Сиздин гезитти “Дем” сайтына каттоо жана ал жакка айрым материалдарыңарды жайгаштырып туруу;

— Пикирлерди текшерип туруу жана алардын жарыяланышына уруксат берүү же айрым адамдын абройуна шек келтирген пикирлерди жокко чыгарып туруу;

— Спамдарды тазалап туруу;

Акысы – гезиттин ар-бир саны үчүн 300 сом.

Ошентип 4000 сомго жетпеген акчага сиз толук кандуу веб-баракчаңызга ээ болосуз. Бул жерде айта кетиш керек, биз сайтыбыздагы шаблон-темаларды сизге ылайыкташтырып гана бере алабыз. Ага кескин өзгөртүүлөрдү киргизе албайбыз. Аны кааласаңыз, мындай блогдун баасы тууралуу өзүнчө сүйлөшүш керек.

Бардык кызматтар эки тараптын ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде жүргүзүлөт.

One thought on “Гезитиңердин сайты жокпу? Жардам беребиз!

  1. Pingback: “Көк асаба” гезитинин сайты | Temirlik

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *