«Вечерний Бишкектин» «Кабар ордосу». Дагы бир жакшы кыргызча сайт.

Орус тилдүү «Вечерний Бишкек» гезити сайтында жайгашып келген кыргыз тилиндеги «Кабар ордо» жаңылыктар түрмөгүн өз алдынча сайтка айландырды. Учурда кыргыз тилин мамлекеттик тилге тийиштүү колдонуу деңгээлине жеткирүүнүн айланасында аркы-берки сөздөр болуп жатканда, орус тилдүү гезиттин бул кадамы — жакшы жышаан. Башкаларга өрнөк болгудай.

Бул сайтка байланыштуу дагы бир нерсени белгилеп кетсем, «Кабар ордонун» жасалгасы орус тилиндеги сайттан кем болбой, көп маалыматтуу болуптур. Меним баамымда, учурда иштеп жаткан кыргыз тилдүү сайттардын арасынан кооздугу, маалыматка жыштыгы, колдонуучуга ыңгайлуулугу, жаңы интернет-мүмкүнчүлүктөрдүү колдонуу жагынан мыктылардын бири болуп эсептелет.

Эми бул сайт окурмандарын таап кетсе экен. Муну айтып жатканым, «Кабар ордо» башка таанымал орус тилдүү интернет-сайттын кыргызча өз алдынча сайтын ачканынын биринчиси эмес. Бирок ал кыргызча сайт окурмандарынын санын жакшы өстүрө албай келет.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *