Жетиген жана Ордо сахна тууралуу ачылыштарым

Бүгүн мен өзүмө бир ачылыш жасадым. Тагырак айтканда, 2 ачылыш. Экөө тең мени кубандырды.

«24.KG» маалымат агенттигинин кыргыз баракчасында мага керек маалыматты издеп жүрүп, Жетиген аспабы тууралуу макала көзүмө учурады. Караса, кыргыздардын Жетиген деген да улуттук музыкалдык аспабы болгон экен да! Илгери. Бир гана көчмөндүгүбуздүн айынан ал аспапты убакыт өтүп унутуп калыппыз.

Жетиген

Сырткы көрүнүшу боюнча бул аспап орустардын (гусли), корейлердин (каягым), кытайлардын (цисяньцинь) жана жапондордун (кото) музыкалдык инструменттерине окшоп кетет экен.

Жетиген тууралуу дагы маалыматтарды интернеттен издесем, ал кыргыздарга гана таандык болбостон, жалпы түрк элдеринин орток кенчи экен. Кошуна казактарда да бул аспапка кызыгуу чоң болуп, аны кайра өздөштүрүүдө алар бизден да ашып кетишиптир. Не болсо да, көп учурда жетиштүү каражаттардын болушу чоң роль ойнойт эмеспи.

«НТС» телеканалынын балдары жетиген тууралуу сюжет дардашыптыр. Андан аспапта кандай ойнолорун көрүп, үнүн укса болот.

2-ачылыш дагы музыка темасына байланыштуу.

Бизге белгилүү «Ордо сахна» тобунун күйөрмандары бизден сырткары башка өлкөлөрдө да арбын экен. «Ордо сахнага» арнап сайт ачкандары да бар экен. Жапон жигити Нишино сан жапон жана орус тилинде кыргыз фольклордук музыкалдык тобу тууралуу сайт ачыптыр. Көп кызыктуу маалыматтарды топтоптур.

Башка улуттун өкүлдөрү кыргыз маданиятына кызыгып, ага таңгалып, суктанып, аны жайылтуу боюнча айрым кыргыздарга караганда алгылыктуу иштерди жасап жатканын көрүп, кантип кубанбай койбойсуң. Кыргыз дүйнөгө маданияты менен гана таанылып турсачы.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *