Жыпар эженин рекорду

Бүгүн Жыпар эже (Акунова) чалып, эмнегедир анын почтасына «Кызгалдак» деген блогуна дагы бир пикир түштү деген каттар көп келе баштаганын айтып телефон чалды. «Эмнеге андай болуп жатат?», — деп тынчсызданганын билдирди.

Мен да жаман ойдо спамерлер Жыпар эженин блогуна чабуул жасашканбы деп консолуна кирип, спамдан болгону 3-4, калгандары кадимки эле окурмандардын пикирлери экенин көрдүм. Алардын көбү Жыпар эженин «Түштүккө түшкөн келин» деген чыгармасына жазылыптыр. Болгону да акыркы 3-4 күндө.

Эсептегичинин көрсөткүчтөрүн көрүп жаман таң калдым. 11-майда Жыпар эженин сайтына дээрлик 1000! адам кириптир. Бул http://journalist.kg сайтында ачылган блогдор үчүн бул күнгө чейинки ЭҢ ЧОҢ көрсөткүч.

Бардыгынан кызыгы, бул окурмандарды табыш үчун Жыпар эже эч нерсе жасаган эмес. Кайра өзү таңгалып жатат. «Бул чыгармамды досторумдун өтүнүчү боюнча блогума алгач жарыялаганда да мынчалык адам кирген эмес эле», дейт Жыпар эже.

Анын сырын мен таптым окшойт. Ошол эле эсептегичтеги маалыматтарга ишенсек, окурмандардын басымдуу бөлүгү Фейсбуктан кирген  экен. Кайсы бир окурман эженин чыгармасына шилтемени Фейсбук баракчасын чыгарып койгон го. Мына соцтармактардын күчү!

Жыпар эже, рекордуңар менен! Эми окурмандардын демин суутпай дагы-дагы жакшы чыгармаларыныздар менен бөлүшүп туруңуздар.

2 thoughts on “Жыпар эженин рекорду

  1. Pingback: Кутбилимдин мени таңгалтканы - Темирлик

  2. Баракелде! Жакшы саамалык экен! Чыгармаларын окуп жатып кадимкидей каармандар менен аралашып кетесин 🙂 ФБ, твиттер жакшы санаалаштарды, пикирлештерди, кээде текс коз караштардагыларды да бир арага топтойт 🙂 Мен да «Кызгалдак» аралайынчы 🙂

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *