Кыргыз тили Интернетте

Жакында Алматыда Интернет боюнча Борбор Азиялык чоң конференция болот. Мен анда «Кыргыз тилиндеги контентти Интернетте өстүрүү боюнча кызыктуу долбоорлор» аталыштагы доклад жасамакчымын.

Андай долбоорлор катары төмөнкү сайттарга токтоло кетсемби деген ойдомун:

Адабият жана кыргыз тили:

http://www.bizdin.kg/ — интернет китепкана, жана бул сайтта жайгашкан электрондук сөздүк http://www.bizdin.kg/dict/

«Жаңы кыргыз адабияты»  — интернет китепкана

«Кабарат» — кыргыз тилин окуп-үйрөнүүчүлөргө мүмкүнчүлүк, ыңгайлуу шарт түзүү

http://tili.kg/ — кыргыз тилин үйрөнүп жаткандарга

http://til.kat.kg/ — кыргыз тилин үйрөнүү

Кыргыз тилдүү программалар жана кыргызча интернетти өнүктүрүү уюмдары:

KyrSpell — кыргыз тилинин орфографисын текшерүү, ар түрдүү сөздүктөр

WordPress кыргызча — популярдуу блог башкаруу системасынын кыргызчасы

TamgaSoft — кыргызча программалардын жыйнагы

ISOC — «Кыргыз интернет жамааты» коомдук фондусу. Алардын алгылыктуу долбоорлорунун бири “Google Translate кыргызча”.

Маалымат жана ЖМКлар:

«Кыргыз гезиттер айылы» — кыргыз тилдүү сайттардын алгачкыларынын бири, көптөгөн ЖМКларга интернетке чыгууга мүмкүнчүлүк берип келет.

«Супер.КГ» — «Супер-инфо» гезитинин порталы, кыргыз тилдүү сайттардын эң популярдуусу. Апрелде күнүнө орточо эсеп менен бул сайтка 23 000 адам кирип турган.

«24.КГ» МАнын кыргызча баракчасы жана «Кабар ордо» орус тилдүү «Вечерний Бишкек» гезитинин өз алдынча кыргызча сайты. Орус тилдүү популярдуу интернет-сайттардан алгачкылардан болуп кыргыз тилиндеги баракчаларын ачууга барышты.

«Дем» жаңылыктар агрегатору — каалаган ЖМК бул жерде катталып материалдарын өз алдынча сайтка жайгашытра алат. Катталгандардын арасында эч качан өз сайты болбогон ЖМКлар арбын. Интернет байланышы начарларга материалын электрондук почта аркылуу жөнөтүп жайгаштырууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

http://faq.kg/ — кыска суроого кыска жооп.

Кыргыз Уикипедиясы — учурда 24,5 миң кыргызча макала бар. Бул көрсөткүч боюнча 285 тилдин арасында 88-орундабыз. Туптуура бир жыл мурун 6700 макала менен 130-орунда элек.

Кыргызча интернет жамаат:

Kyrgyz.kg — толугу менен кыргызча портал, алгач кыргызча желе конушу катары иштеп келген.

Kloop порталы — кыргызча блогдор көбөйө баштады

http://journalist.kg/ сайтындагы блогдор. Бул жерде айрым гезиттер да сайттарын ачышкан. мисалы, «Кутбилим», «Данек» жана «Көк асаба» гезиттери.

Балким айрым кызыктуу кыргызча интернет долбоорлор көз жаздымда калып калгандыр. Бөлүшкүлө. Кеңешиңерди айткыла.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *