Ишенбай Абдуразаков агайдан ачуу сөздөр

Ишенбей Абдуразаков агайдын «Жаңы Агымга» берген интервьюсун толугу менен цитаталагың келет:

Кыргыздардын психологиясында «өзүбүздүн бала» деген көнүмүш бар. Өзүбүздүн баланы коргоп алалы дешет. Бул туура, атадан калган салт. Бирок акыйкаттык, чындык үчүн, эл үчүн чындап күрөшүп жатып адам кор болсо мындай адамдарды эл колдогон. Азыр болсо жердешибиз, тууганыбыз экен кандай болсо да коргоп калалы деген бизде өнөкөт болуп кетти.

 

Кылгылыкты кылып коюп, абактан чыгаргыла деген нерсе биздеги укуктук маданияттын, салт-санаанын бузулгандыгы. Мисалы, нарк бузган адамды уяткарып туруп анан кечирим беришчү… Кеп түрмөгө камап коюуда эмес, кеп ошол мыйзамды бузганын сезип-сезбегенинде.

 

Мына ошол ызы-чууларда алдыңкы сапта жүргөн алкынган аялдардын кылганы уят эле нерсе. Кыргыздын улуттук баалуулуктарын, үрп-адаттарын четке кагуу шермендечилик. Аял кишинин жол тоскону эң жаман көрүнүш.

 

Бийлик бул убактылуу нерсе, элдин алкышына же каргышына каласың. Жетекчилер оңолмоюн, эл оңолбойт. Бийлик эч убакта идеалдуу болбойт. Бир жагынан болбосо да, экинчи жагынан сөзсүз ката кетирет. Ошол катаны эл, журналисттер бетке эле айтышы керек. Бийликтин кемчилигин көзгө сайып көрсөтүп турбаса көөп кетет.

 

Мекенчилдик кыргызмын деп төш кагуу эмес. Мекенге ак кызмат кылуу… Азыр биз кыргызбыз деп төш какканыбыз менен кыргыздын байыркы асыл наркынан четтеп баратабыз. Качан бирөөнүн акысын жеп, ууру кылганды жакшы дечү эле. Адамды эмгеги, акыл-эси, жүрүш-турушу менен баалап келишкен. Ошондон четтеп калуунун өзү опурталдуу.

 

Интервью толугу менен бул жерде http://kyrgyz.vb.kg/doc/225205_ishenbay_abdyrazakov:_prezident_mamleket_ychyn_katyy_tyrsa_el_da_koldomok.html

Сүрөт Кабар Ордо сайтынан алынды

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *