giff баннерди жасоо

Сайттарга баннерлерди коюш керек болгондо, баннерди жасатыш үчүн аргасыз программчы балдарга жалдыроого туура келет. Алардын иши көп болгондуктанбы, же чоң бир сумманы айтат, же кечке чейин создуктуруп алышат.

Айла кеткенде жөнөкөй сүрөт түрүндөгү баннерлерди жасап алып аттым. Бирок жансыз сүрөткө караганда, өзгөрүп, ойноп турган баннер көңүлдү көбүрөк  өзүнө бурат эмеспи. Флеш болбосо да giff форматындагы баннерлердери өзүм жасаганга үйрөнгөнгө далалат кылдым. Интернеттен сабакты көчүрүп алып 1-2 баннерди жасагандай болдум. Убакыт көп кетти. Жаңы нерсе эмеспи. Бирок да баннерлер такай керек болбогондуктан, бая үйрөнгөн көп нерсе унутулуп калат экен. Баннер керек болуп калганда баягы эле жалдыроо башталат…

Бирок мен эми жалдырабай калдым окшойт. Укмуш кооз болбосо да, жансыз баннерди жандандырганды үйрөнүп алдым. Караса, интернетте адис эместер өзүлөрү үчүн баннер жасап алууга мүмкүнчүлүк ала алган кызматтар бар экен. Алардын бири http://gifovina.ru/.

Аны өздөштүрүш жеңил. Мисалы, мен жарым саат убакыт коротуп мурда жасаган бир жансыз беннеримди өзгөртүп алдым. Өзүңөр карап көргүлө.

Мурда

 

Азыр

One thought on “giff баннерди жасоо

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *