Кыргызча сайттарды издөө

Блогумдагы эң окумал баракча болуп Кыргызча сайттар эсептелет. Блогума киргендердин 2/3 бөлүгү так ушул баракчага кирет экен. Бир кезде баштаган ишим башкаларга керек болуп жатканына кубанып турам. Бирок канчалык аракеттенбейин, мен билбеген кыргызча сайттар али да көп экенине бир канча жолу ынандым. Мен балким, алардын 1/5 гана болүгүн камтысам керек.

Окурмандарым кайсы бир кыргызча сайттар тууралуу маалыматтар менен бөлүшүп турушат. Өзгөчө, кытайдагы кыргыздардын сайттары тууралуу. Бул үчүн мага жардам бергендин бардыгына терең ыраазычылыгым билдирем.

Ошондой болсо да, көп сайттарды интернетти тинтип, аңтарып өзүм таабуудамын. Андай жолдордун бири — кайсы бир кыргыз сөзүн издөө кызматына киргизип (мен көбүнчө google кызматын колдоном) интернетте издөө жургүзөм. Акыркы ушундай жол менен кыргызча, же болбосо кыргыз тилине байланыштуу дагы 4 сайтты таап тизмекке киргизип койдум. Издесең чыга берет экен. Бир гана өкүнүчтүүсү, менде дайыма эле мындай мүмкүнчүлүк боло бербейт.

4 thoughts on “Кыргызча сайттарды издөө

  1. кудай буюрса соңуна чыккалы калдым, бир ишти жакшы жасалсын десең өзүң жаса дегендей, башкалар ойдогудай жасабаса анын деле кереги жок экен.

  2. Муну бир айтпаңыз, кыйла эле түйшүктүү иш экен, 2007-жылдан бери чогултуп келем, жана эле жаңы, көрбөгөн сайттар чыга келет, түбүнө жетпей келем, анан дагы кыргызга кызмат кылган орус, ангилис тилдүү сайттарды да чогултуп жатам, кыйынчылык ушул бөтөн тилдүү кыргызга тиешелүү сайттардын кайсыл багытта экенин биле албай кыйналам. ушул иштерге көмөк көрсөткүсү келгендер болсо ыраазы элем.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *