uCoz ду өздөштүрүүгө үчүнчү аракетим

ucoz

Интернетте блогду же сайтты бекер ачууга мүмкүнчүлүк берген толтура кызматтар бар. Алардын арасынан белгилүүлөрүнүн бири uCoz сайттардын конструктор кызматы.

Бир кезде бул жерде сайттарымды ачууга 2 жолу аракет кылдым эле. Бирок экөө тең ийгиликсиз болду. Анткени uCozдо жакшы сайт ачып, аны жаңылап туруш үчүн HTML тилинин негиздерин билиш керек болчу.

Учурда uCozду өздөштүргөнгө үчүнчү аракет кылып жатам. Эмнеге эле uCozду унуталбай жатасын, дешиңер мүмкүн. Буга бир нече жүйөлүү себептер бар.

WordPressти канчалык жакшы көрбөйүн, анын негизинде блогду ачып, иштетүү канчалык жеңил да жана да ыңгайлуу болбосун, бирок uCozдун да бир катар артыкчылыктары бар экенин моюнга алыш керек. Мен үчүн алардын эң негизгиси — WordPressте жок айрым кызматтардын uCozдо башынан эле болушу. Мисалы, ар түрдүү каталогду, интернет-дүкөнүн түзүү мүмкүнчүлүгү.

Бул блогумда кыргызча сайттардын топтомун түзүүгө аракет кылып келем. Учурда алардын саны 360ка жетип калды. Бирок бул топтомум чыныгы каталогго көп окшобойт. WordPressтин атайын плагиндерин таап орнотуу мен үчун кыйынчылык түзөт — билимим жетишпейт. Бирок ошол эле кезде, жакшы каталог да түзгүм келет. Ушуга байланыштуу uCozго кайра кайрылдым.

Ишимдин жыйынтыгын бул жерден көрсөңөр болот. Эми каталогду толтуруу гана калды.

Бул жолу аталган кызматты өздөштүрүү бир аз жеңил болду. 4 жылдык тажрыйбамдын акы бети го. Ошону менен катар, мен uCozдун дагы бир артыкчылыгын байкадым. Бул жерде сайтты ачып жатып, аны таптаза кыргызча «сүйлөгөн сайт» кылып жасоого мүмкүн экен. Эми таптаза болбосо да, бир аз, көп байкалбаган акцент менен сүйлөгөн сайтты. 🙂

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *