uCoz сайтындагы Кыргызча сайттар каталогунун түзүлүшү

katalog1

Учурда uCoz сайтында жакында мен ачкан «Кыргызча сайттар каталогуна» бул блогдогу сайттар тууралуу маалыматтарды көчүрө баштадым. 60тан ашык сайт тууралуу маалыматтар такталып киргизилип калды.

Буга көп убакытым кетти. Менин санагымда, бул блогдо 360ка жакын сайттар тууралуу маалыматтар бар. Ушундай таризде иштей бере турган болсом мага дагы бир жумадай убакыт керек окшойт. 🙁

Бирок жыйынтыгында колдонуучуларга ыңгайлуу да жана да маалыматтуу каталог түзүлүп калат. Бул каталогдун дагы бир жакшы жери — ага киргизилген сайттарга колдонуучулар өз бааларын бере алышат (бешке чейинки сандагы жылдызчаларды белгилеп гана коюш керек). Бул башка колдонуучуларга каталогдогу толтура сайттардын ичинен  мыктыларын гана тандап ачууга мүмкүнчүлүк берет.

Каталогду түзүп жатып бир канча сайттар иштебей калганын, же башка дарекке өтүп кеткенин байкадым. Тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизип койдум.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *