journalist.kg сайтына жаңы темалар кошулду

http://journalist.kg/ сайтында блог ачкандарга бул кабар кызыгуунун жаратат болушу керек. Биз дагы 9 жаңы теманы (сайттын шаблонун, жасалгасын) коштук. Биз интернеттен мыктылардын мыктысын издеп жатып ушуларды тандадык. Бул жасалгалар блогуңардын мумкүнчүлүгүн кеңейтип, аларды андан дагы кызыктуу, көрктүү кыла алат деген үмүттөбүз. Бир гана алардын мүмкүнчүлуктөрүн толук колдонуш үчүн тийиштүү даярдык керек. Аларды блоуңардын консолуна кирип Внешний вид = > Темы деген жерде көрө аласыздар. Бул жерде айрымдарын сунуштайбыз:

 iMag

max

metroMHdelightedж.б.д.у.с.

Калгандарын өзүңөр көрө аласыңар.

Жаңы темалардын мүмкүнчүлүктөрүнө күбө болуш үчүн «Данек» мектеп гезитинин сайтынын жаңыча жасалгаланышын байкап көрсөңүздөр.

Азыр ал мындайча:

daneknewМурдагы жасалгасы:

danekold

Бирок сайттагы жанылыктар муну менен бүтпөйт. Азыр ар бир блогдун материалы менен соц тармактардагы окурмандарда бөлүшүүгө мүмкүнчулүк түзүлдү. Азырынча бул соц тармактарга бизге белгилүулөрдон твиттер, фейсбук, гугл плюс жана линкедн кирет. «Мой мир»азырынча жок.

Аны менен катар макаланын аягына жана капталдагы сайдбарга окшош макалалардын тизмегин чыгаруу мүмкүнчүлүгү да түзүлдү. Аталган нерселерди жөндөп колдонуу тууралуу эмкидеги макалаларымда кененирээк баяндап берем.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *