Кутбилимдин мени таңгалтканы

kutbilim2

Акыркы күндөрү мага Хостингден каттар келе баштады, силердин бирдигиңер түгөнөйүн деп калды деп. Бул эмне болду экен деп билгилерден сурасам, сөз хостингде бизге берилген бир айлык трафик ченем тууралуу болуп жатканын айтышты. Бизге киргендердин санынын өсүшүнө байланыштуу болушу мүмкүндүгүн билдиришти.

Кайсы сайтка көп кире башташты болду экен деген бойдон калдым. Мен билгендердин арасында окурмандарын көбөйткөндөрдү таба албадым. Ал сайт кокустан гана белгилүү болуп калды.

Кубат Чекиров, алардын сайтынын («Кутбилим» гезитинин башкы редактор) дизайнын бир аз өзгөртүп берүү өтүнүчү менен кайрылганынан, сайтын жөндөп жатып (жаңы көрүнүшүнө да баа берип койгула), жанакы каттардын себепкери ким экенин ачтым. Статистикасына карасам, августтун жарымынан баштап бул сайтка киргендердин саны уламдан-улам өсүп гана жатканын көрдүм. Ал эми 3-сентябрда бул сайтка бир күндө 630 адам кирип, 1624 барагын ачып окуган экен.

kutbilim

Бул биздин сайттагы блогдорго бир күндө кирген окурмандарынын рекорддук санынан азыраак дечи, бирок бул өсүш тенденция түрүндө болуп жатат.

Бул кабар мени бир чети кубантса — биздин сайттар да белгилүү боло баштады — бир чети мени убарага салды. Хостингден башка кененирээк тарифке тез арада өтүү керек экен. А буга кошумча каражат керек 🙁

Эми, акча табылаар. Негизгиси, биздеги сайттар «Кутбилимге» окшоп өсүп-өнүгүп гана турса экен. Бизде блогдорун ачкан көбүрөөк адамдар, ЖМКлар биз аркылуу өз максаттарына жете алса экен. Блогдорду ачуу мүмкүнчүлүгүн киргизип жатып ушундай күн келсе экен деп кыялданат элек.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *