Менин канча блогум бар?

blogs

Блог тууралуу биринчи жолу 2005-жылы уксам керек. Бирок ал эмне экенин жакшы билбейт элем. Блог ачкан адамдар мага Эйнштейндей акылдуу көрүнот эле. Өзүм болсо биринчи блогумду 2009-жылы ачтым. Ал «Кыргыз маданият борбору». Азыркыга чейин аны алып барам. KLOOP порталындагы эң окумал блогдордун бир болуп эсептелет.

Блог иштетүү чоң азгырык экен, башка темадагы блогдорду, башка жактарда да блог ачууга аракет кылып көрдүм (анымды азыр да токтото элекмин). Кайсы жакта кызыктуурак, жакшырак болот болду экен деп.

Карасам, толтура блог ачып салыпмын. Санап көрсөм:

«Кыргыз маданият борбору» — кыргыз маданиятына, адабиятына байланыштуу материалдар, кыргыз акындарынын чыгармалары, ар-түрдүү сөздүктөрдүн топтому ж.бд.у.с., KLOOP порталында;

«Кыргыз маданият борбору» — KLOOP порталындагы блогдун «Я.РУ» кызматындагы күзгүсү;

«Кыргыз маданият борбору» — KLOOP порталындагы блогдун wordpress.com сайтындагы күзгүсү;

«Кыргыз маданият борбору» — KLOOP порталындагы блогдун «Живой журнал» сайтындагы күзгүсү;

«Саякат» — жумушума байланыштуу мен болгон өлкөлөр тууралуу баянадамаларым;

«Жизнь — череда мгновений» — KLOOP порталындагы алгачкы жеке блогум;

«Учур» — blogspot.com сайтындагы жеке блогум;

«Кагаз учак» — кагаздан учактарды жасоо боюнча блогум;

«Temirlik» — Я.РУ» кызматындагы жеке блогум;

«Temirlik» — wordpress.com сайтындагы жеке блогум;

«Темирлик» — Mail.RU кызматындагы блогум;

«Темирлик» — http://journalist.kg/ сайтындагы журналистика жана блог алып баруу боюнча блогум;

«Той-тамаша» — тамадалар тууралуу блог;

«Кызыл дан» — кыргыз поэзиясындагы мыкты деген чыгармалардын топтому;

«Кыргызча сайттар каталогу» — Ucoz.RU кызматындагы кыргызча сайттар каталогу;

Бул жеке блогдоруман сырткары ар кайсы долбоорлор, суранычтар боюнча дагы бир топ блог жасаптырмын:

«Карылар үйү» — Бишкектеги карылар үйүнүн блогу;

«Кутбилим» гезитин блогу;

«Көк асаба» гезитинин блогу;

«Данек» гезитинин блогу;

«SOS фонд» — Жардамга муктаж журналисттерге жардам берүү фондусунун блогу;

«Журналистика мектебинин» блогу;

«ЖМК кызматкерлеринин профсоюзунун» блогу;

«ЖАНАЗЫК» — Кенжалы Сарымсаковдун жеке блогу;

«Олжобайдан бырс этме»

«Аймак news» аймактык жаңылыктар блогу.

Чачылыптырмын. Көбүнө убакыт бөлө албай, жетим балдардай жалдырашат. Эгер ушул блогдун баарына кеткен күчүмдү, убакытымды айрымдарына гана жумшасам… Азыр да кеч эмес.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *