Сайт ачкысы келген ЖМКларга жардам көрсөтүлүүдө

int1

Салттуу ЖМКларга интернетти өздөштүрүүгө жардам берүү максатында «Журналисттер» коомдук бирикмеси өз сайтынын негизинде ар-бир каалоо билдирген гезитке, телеге же радиого сайт ачып берип, интернеттин мүмкүнчүлүктөрүн өздөштүрүү боюнча окутууга даярдыгын билдирет. Бул аракетибизде «ЖМКларга колдоо көрсөтүү» коомдук фондусу бизге жөлөк болуп келет.

Биринчи кадамыбыз катары 5-6 октябрда Ошто жергиликтүү ЖМКлардын өкүлдөрүнө, кантип интернет алардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, арттырууга өбөлгө боло алаары тууралуу окутуу уюштурдук. Бул окутууга жалпысынан 5 ЖМКнын өкүлдөрү катышышты.

Аларга Интернет бере турган артыкчылыктар тууралуу маалымат берилди.

Бул, биринчиден, оперативдүүлүк. Гезиттин кезектеги саны чыга турган күндү, же радио менен теледе кезектеги чыгарылышты күтүп отурбастан даяр жаңылыкты окурманга жеткире аласың.

Экинчиден, бул кошумча окурмандар. Ар-бир ЖМКнын салттуу түрдөгү окурмандарынан (угармандарынан, көрөрмандарынан) сырткары интернеттен жаңы окурмандарды тапса болот. Уикипедиянын 2012-жылдын июнь айына маалыматы боюнча, дүйнөдө 2,4 млрд. адамдын же болбосо жер шаарынынын калкынын 34%нын интернетке кирүү мүмкүнчүлүгу бар. Кыргызстанда бул көрсөткүч — 1,1 млн. адам. же кыргызстандыктардын — 20%. Бул көрсөткүч дагы өсө турганынан күмөн жок.

Интернет ошондой эле окурмандардын географисын кеңейтүүгө шарт түзөт. Алыскы Америкада же Австралияда жүргөн мекендешибиз интернетке кирип Кыргызстанда болуп жаткан маалыматтар менен кенен тааныша алат. Бул маалымат булагы катары өз сайтын ачкан алыскы аймакта 1000 нуска менен чыккан райондук басылма да боло алат.

Интернет дагы башка толтура мүмкүнчүлүктөрдү берет: жаңы авторлор жана маалымат булактары; окурмандар менен баарлашуу; маалымат берүүнүн жаны түрлөрү (аудио, видео, инфографика); жаны темаларды табуунун жеңилдеши; сурамжылоо жүргузүүнүн жеңилдиги; ЖМКнын архивин түзүү ж.б.д.у.с.

Окутууда бизде кантип сайт ачса болот, аны кантип иштетиш керек, кантип сайтты ЖМКнын талабына жараша жасалгаласа болот, сүрөттү, видеону жайгаштыруу жолдору тууралуу маалыматтар берилип, алар практикалык иштин негизинде бекемделди.

Ишибиздин алгачкы жыйынтыгы катары, тренингдердин катышуучуларынын 4 жаңы блогдорун (SakchyFilm makerSaltanatМейкин) келтирсек болот. Эмки кадам, ЖМКнын сайты боюнча техникалык тапшырманы даярдоо. Анын негизинде биздин уюм сайтты жасап берүүгө аракет кылат. Бекер!!!

Эмки окутуулар Караколдо жана Бишкекте өткөрүлөт. Өз сайтын ачкысы келген ЖМКлар бар болсо, бул окутууларга катышуу тууралуу билдирмени макаланын алдында Пикирлер жазылуучу жерге калтырса болот, же болбосо tokoevm@gmail.com электрондук почтама кат жөнөтүңүздөр.

12 thoughts on “Сайт ачкысы келген ЖМКларга жардам көрсөтүлүүдө

    • Салам.
      Өзүңөр күбө болгондой, сайтты ачыш анчалык деле кыйын эмес. Аны толтуруу, тагыраак айтканда такай негизде материалдар менен толтуруп туруу — ойлонто турган чоң маселе.
      Менин силерге сунушум — сайтка өзүңөр кызыккан жана билген тармагынар боюнча материалдар менен толтурууга өткүлө. Кайсы тармакка арналган сайт болоорун билгенден кийин, сайт кайсы тилде, анда кандай рубрикалар, беттер болоорун аныктап алгыла. Кеңешим, кыргызча алып бара турган болсоңор анда кыргыздын «Ө, Ң, Ү» тамгаларын колдонгула. Кыргызча чала сүйлөгөн сайтка ишеним болбойттур.
      Силердин сайтыңар мобилдик түзүмдөрдөн киргенге ылайыкташтырылган сайт экен. Сайттын тематикасын, материалдардын түрүн жана көлөмүн аныктап жатканда ушуну эске алышыңар керек.

    • Сайтты ачуу жолдору жана эрежелери бул жерде (http://journalist.kg/kg/blog-request/) айтылган. Ушул эле жерде блогду ачууга билдирме жиберсе болот.

      Блогго видеону чыгарса болот. Бирок видео блогдун өзүнө жайгаштырылбайт. Болбосо блогдун салмагы чоң болуп, жай иштеп калышы мүмкүн. Видеону жайгаштыруу жолдору бул жерде кенен баяндалат — http://tokoev.journalist.kg/2012/10/19/bloggo-videonu-zhaygashtyiruu/.

      Дегеле бул жерден блогду алып баруу боюнча пайдасы тийип калаар маалыматтарды алса болот — http://tokoev.journalist.kg/blog-boyuncha-sabaktar/.

      • Мен Жалал-Абад областынын Ноокен районуна караштуу Масы айыл окмотундо маалымат компьтердик технологиялар боюнча адис болуп иштейм Айыл окмот жонундо сайты кантип ачса болот ушул жонундо кененирек тушундуруп кетсениз

        • Арыбаңыз.

          Биринчи кезекте, сайтка эмне материалдарды коюшуңар керек, кандай материалдарды чыгарып турайын деп жатасыңар, сайттын кандай мүмкүнчүлүктөрү болушу керек, мына ушул суроолорго жооп беришиңер керек. Башка айыл өкмөттөрдүн, же шаардын сайттарын изилдеп чыкканыңар жакшы болот. Бул жерден айрымдарын тапса болот — http://kgkatalog.ucoz.ru/dir/koom_jana_sayasat/11

          Ал эми сайтты бекер ачса боло турган көптөгөн жерлер бар. Бул макалада айрымдары тууралуу маалымат берилет — http://uguide.ru/news/rejting_luchshij_konstruktor_sajtov_runeta/2013-09-09-77

          Кыргызстанда да андай мүмкүнчүлүктөр бар. Мисалы, КЛООПто (http://kloop.kg/) жана бизде. Бирок биздин даректе ачылган сайттарда journalist деген жазуу боло тургадыктан, бул айыл өкмөт менен журналисттердин ортосунда кандай байланыш бар деген суроо пайда болушу мүмкүн, ошондуктан КЛООПто сайт ачканды сунуштайт элем.

          Сайтты ачыш деле оор эмес. Негизги маселе — ачылган сайтты сиз каалаган түргө, көрүнүшкө жакындатууда болот. Мында сайттар менен иштөө тажрыйба зарыл. 3 жол бар: 1) Сайттарды ачып иштеткен тааныштарга кайрылуу; 2) башка бир адистерге кайрылуу. Булар бекер иштебеши мүмкүн; 3) өзүңөр аракеттенгиле. Негизи, мен 3-жолду колдойм.

          Кеңешим, башында өзүңөр жөн эле бир сайт ачып, аны жасалгалап, ага материалдарды жайгаштырып үйрөнүп көргүлө. Баары ойдогудай болгуча көп убакыт кетиши мүмкүн. Бирок сиз топтогон билим жана тажрыйба — эң баалуу болот. Кийин эч кимге жалдырабайсынар.

          Урматым билдирип,
          Марат Токоев

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *