Бизде блог ачуу боюнча айрым суроо-жооптор

suroojoop

Акыркы кезде мага блог же сайт ачуу боюнча суроолор менен көп кайрыла турган болушту. Эмне болуп кетти, билбейм. Мындан жарым жыл мурда эле мен өзүм блог же сайт ачып бербейинби деп кызыккан адамдарды издеп жүрөт элем.

Адамдар өзүлөрү кайрыла баштагандары бир жагынан кубантса, бир жагынан алардын көбү блог же сайт ачаардын алдында биле турган нерселерди билбегени кейитти. Ошону үчүн аларга пайдалуу болуп калабы деген ниетте эң көп кездешкен суроолор боюнча маалыматтарды берип койсомбу дедим.

1-суроо: Блог деген эмне? Сайттан эмнеси менен айырмаланат?

Блог — веб-сайттын эле бир түрү. Англис тилинен которгондо (blog, web log деген сөздөн) интернет (он-лайн)-күндөлүк, окуялардын интернет-журналы. Сайттардын башка түрлөрүнөн айырмаланып, анда материалдар тескери хронологиялык түрдө (акыркы жазуулар үстүнө чыгат) иреттелип турат.

Блогду каалаган адам ачып, жазууларын жарыялап тура алат. Блог жеке адамдын жашоосу, ойлору тууралуу болушу мүмкүн, же кайсы бир кууш темага гана арналышы да мүмкүн. Мисалы, хоббисине байланыштуу.

Блогдогу негизги нерсе — бул жеке адамдын ойлорунун, көз караштарынын болушу. Блогдун окурманы, биринчи кезекте, блогду ачкан адамдын кайсы бир окуя, адам ж.б.д.у.с боюнча жеке пикирин, аларга мамилесин билүүгө ынтызар болот.

Сайт деп биз, көп учурда, кайсы бир кууш темага гана арналган (мисалы, жаңылыктар сайты, же экологиялык маселелер боюнча сайт), же болбосо кайсы бир уюмдун интернеттеги өкүлчүлүгүн түшүнөбүз.

Мындай сайттарда негизги бетке мүмкүн болушунча ар-түрдүү темалар боюнча көп жаңылыктарды жайгаштырууга басым кылынат. Салыштырып көргүлө: ЖАНАЗЫК (блог) — Journalist.KG (сайт).

2-суроо: http://journalist.kg де сайт ачса болобу?

Болот. Бизде ачылган блог, сайттардын бардыгы WordPress деген аталыштагы контентти (мазмунду) башкаруу системасында иштейт. Ал ушунчалык ийкемдүү, мүмкүнчүлүктөрү кенен болгондуктан кааласаңар классикалык түрдөгү блог жасасаңар болот, же болбосо мазмундуу сайт жасасаңар болот. Кеп каалоодо, жана алдыңарга койгон максатыңарда.

3-суроо: http://journalist.kg да ачылган сайттар башка жакта ачылгандардан эмнеси менен айрымаланат?

Эгер акысыз сайт ачууга мүмкүн болгон башка кызматтар менен салыштыра турган болсок (мисалы, KLOOP), эч нерсеси менен деле айырмаланбайт. Балким, бир гана айырмачылыгыбыз — биз блогду ачып, аны иштетүү боюнча кыргыз тилинде сабактарды даярдаганга аракет кылып келебиз..

Ал эми акыга жасатылган сайттардан айырмачылыктар бир топ.

Эң негизгиси — бул сайттын сырткы көрүнүшүнө жана функционалдуулугуна байланыштуу. Биз негизинен акысыз таркатылган даяр жасалгаларды жана плагиндерди (айрым мүмкүнчүктөрдү кеңейткен кичи атайы программалар) колдонобуз. Бизде катталган ар бир адам алардын арасынан жакканын тандап блогун (сайтын) жасай алат. Биз айрым маселелер боюнча кеп-кеңештерибизди берип, жасай албай жаткан айрым жерлерин жасап бере алабыз. Ошондой эле бир аз акыга кардардын талабына туура келген керектүү жасалгаларды интернеттен таап жүктөп, аларды өзгөртүп, ынгайлаштырып бере алабыз. Бирок биз сайт жасоо боюнча чоң адис болбогондуктан кескин чоң өзгөртүүлөрдү кыла албайбыз.

Бизде блог ачсаңыз үчүнчү деңгээлдеги домендик ысымды бекер аласыз, мисалы, tokoev.journalist.kg сыяктуу.

Хостинг үчүн (сайтты жайгыштырып тейлөө кызматы) эч нерсе төлөбөйсүз.

Ал эми акыга жасаган программчылар сайтты сиз каалагандай кылып жасап бере алат. Бирок бул жерде негизги нерсе — акчаңардын өлчөмү. Канчалык көп төлөөгө шартыңар бар болсо ошончолук сайт сиз каалагандай болот.

Домендик ысымды өзүңөр сатып аласынар.

Хостинг үчүн акча төлөйсүңөр.

4-суроо: Биздин акысыз жардамга эмне кирет?

1. Блогду каттоо жана ачуу

Блогдун кызыктуу жана эсте калаарлык дарегин, аталышын табууга жана аны каттоого жардам беребиз.

2. Блогдун баштапкы жасалгасын жасоо

— Сиз сунуштаган логотипти блогуңарга бекитип берүү;
— Сиздин аватарыңызды бекитип берүү;
— Блогду кыргызчалап берүү;
— Сиз сунуштаган рубрикаларды ачып берүү;
— Макалаларды жайгаштыруу боюнча кеп-кеңештер;

3. Блогду жылдыруудагы жардам

— Сиздин блогдо жарыяланган айрым материалдарга шилтемелерди Фейсбукка жайгаштырып туруу;
— Сиздин блогдо жарыяланган айрым кызыктуу материалдарды блогуңарга шилтеме менен http://journalist.kg сайтына жайгаштырып туруу;

5-суроо: Акыга эмне жасап бере алабыз жана ал канча турат?

1. Блогду жасалгалоо

— Кызыктуу теманы (жасалганы) тандап, аны сизге ылайыктап жасалгалап берүү;
— Баракчаларды, рубрикаларды ачып, толтуруу. Менюну жасоо;
— Эсептегичтерди каттап, блогго жайгаштыруу (канча окурман кирип, канча барак окуганын, алар кайсы өлкөдөн экенин, кайсы баракчаларды окуганын, ж.б.д.у.с. нерселерди билип турасыз);
— Твиттерде аккаунтуңарды каттап, блогго материал жарыяланаары менен ал твиттерге автоматтык түрдө жарыяланып турушун жасоо;

Сиз менен алдын ала келечектеги блогуңар кандай болушун каалайсыз, ал тууралуу сүйлөшүү жүргүзүлүп, айрым техникалык талаптар такталып алынат.

2. Блогдун өздүк Интернет дарегин бекитүү

— Блогдун өздүк интернет дарегин тандоо жана каттоо;

— Бул даректи блогго бекитүү.

Бардык кызматтар эки тараптын ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде жүргүзүлөт. орточо баасы — 5000 сом!!!

6-суроо: Блогду (сайтты) http://journalist.kg сайтында кантип ачса болот?

http://journalist.kg сайтынын негизги бетинин оң капталында жайгашкан блогдор тизмегинин алдында «Сайт ачуу» деген баннер бар. Аны баскыла.

sozdat_blog

Сайтта блогду ачуунун эрежелери бар баракча ачылат. Эрежелер менен шашпай таанышып чыккыла, анткени андагы айрым пункттарды одоно буза турган болсоңор блогунарды өчүрүп салышыбыз мүмкүн. Биздин эрежелердин саны аз жана алар адамдын коомдо өзүн алып жүрүүсү боюнча жүрүм-турум эрежелеринен көп айырмаланбайт.

Эрежелер менен таанышып, алар менен макул болсоңор ылдый жагында жайгашкан атайы форманы толтуруңуздар. Бул формада биз сизден стандарттык маалыматтарды сурайбыз: аты-жөнүңөр, электрондук дарегиңер (бул дарекке блогуңарга байланыштуу маалыматтар келип турат) жана сайттын аталышы жана сиз каалаган субдомендик ысым тууралуу маалыматтар (акыркы эки маалымат сиздин блогду ачууга керек).

forma

Толтуруп бүткөндөн кийин, адам экениңерди текшергичтен өтүп «Жиберүү» дегенди баскыла.

Биздин сайттын администратору катыңар менен таанышып мүмкүн болушунча тезирээк блогуңарды каттаганга аракет кылат.

7-суроо: Блогду каттагандан кийин эмне кылыш керек?

Биринчи кезекте сыр-сөзүңөрдү өзүңөргө жакканга өзгөртүп алгыла. Аны кантип жасоо жолу бул жерде баяндалат. Ушул эле сабактан аватарыңарды бекитип алуу тууралуу маалымат аласыздар.

Андан соң блогду алгачкы жөндөөгө киришиш керек. Айрым нерселер тууралуу маалыматты бул жерден алсаңар болот.

Үчүнчү кадам катары, блогуңардын жасалгасын тандашыңар керек. Кааласаңар учурдагы жасалга менен иштей бергиле, же болбосо жаңысын тандап алгыла. Анын жолу бул жерде. Бирок бул жерде айрым кыйынчылыктар болушу мүмкүн. Айрым жасалгалар тийиштүү даярдыкты талап кылат. Жакынкы убакта, бизде катталган жасалагалар боюнча өзүнчө материал даярдасамбы деген ой бар.

Блог боюнча сабактардан дагы бир топ маалыматтарды ала аласыздар.

One thought on “Бизде блог ачуу боюнча айрым суроо-жооптор

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *