ЖОЖдорду издеп…

joj

«Кыргызча сайттар каталогу» сайтынын окурмандарынын бири мүмкүн болсо өлкөбүздөгү бардык жогорку окуу жайларга шилтемелерди каталогго киргизип коюуну суранды эле. Менин баамымда, бул керек нерсе. Анткени билим алууну каалагандардын айрымдары каякка бараарын билбей убара болот эмеспи. Сайттан болсо керектүү маалыматты тапса болот.

Кыргызстандагы жождор тууралуу маалыматтарды карап жатып алардын көптүгүнөн башым айланды. Кандай гана окуу жайлар жок. Бирок алардын аз гана бөлүгү өз сайтына ээ экен. Өз кезегинде алардын болбогонунда гана кыргызча барактары бар экенин байкадым. Жаштарга заманбап билим берген окуу жайлар өзүлөрү замандын талабынан артта калып жатканын көрүп кантип кейибейсиң.

Менимче, сайт бардык мамлекеттик органдарда гана эмеас, ар-бир жождо да болушу керек. Ал эми кыргызча барагынын болушу бул айттырбай жасала турган иш.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *