Түгөлбай Казаков — 2013-жылдын мыкты журналисти

t_kazakovКечээ, 9-декабрда, кыргыздын белгилүү журналисти, жаңы эгемен кыргыз журналистикасынын башатында турган Мелис Эшимкановдун туулган күнүнө карата анын атындагы Фонд жылдын Мыкты журналистинин атын атады. Бул наам Түгөлбай Казаковго берилди!

Эсенбай Нурушев агайыбыз айткандай, «Түгөлбай Казаков башынан эле журналистикага жаралган адам. Ортодо адашып музыка дүйнөсүнө кирип кетти эле, бирок баары бир журналисткага кайтып келди», — деп. Эрге алтымыш өнөр аздык кылат деген сыңары, Түгөлбай байке бардык жерде өз талантын көрсөтө алды. Музыка ааламында кыргыздын эсинде дайым сакталып калаар шедевр чыгармаларды жаратты. Журналистикада да эч кимге окшобогон өз жолу бар, кыргыз журналистикасынын өнүгүүсүнө зор салым сала алды жана да салып келет. Сыйлыгыңар кут болсун, агай!!!

Сыйлыкты алып жатып агайдын өзү айтканынан жакында Түркияга жүрөгүнө операция жасатыш үчун кете турганын билип калдым. Операция жакшы өтүп, агай батырак сакайып кетишин каалайм.

Белгилей кете турган нерсе, Түйгөлбай агай сыйлыкты алып жатып сыйлык менен тапшырыла турган акчалай каражаттын жарымын (сыйлыктын өлчөмү 100 миң сом) фонддун кайра өзүнө тапшырууга уруксат сурады. Бул кадамын түшүнсө болот. Фонд тапшырып жаткан сыйлыктын кадыр-баркы журналисттик журттун арасында жыл санап өсүп барат. Каражат жагынан чыккан маселелерден мындай сыйлыкты тапшыруу ишараты токтоп калса кейичтүү болот эле.

Сыйлыкка тапшырыла турган акчаны табуу Фонддун жетекчиси Асель Эшимканованын түйшүгү. Бирок Мелис Эшимкановдун элесин сыйлаган, урматтаган адамдар бар экен. 2 жылдан бери бул жүктү өз моюндарына алып келе жатышат. Бирок дайым эле мындай адамдар табыла бербестир. Өзгөчө бул сыйлык жыл сайын тапшырылып, анын узак жашашын кааласак. Ушуга байланыштуу Түгөлбөй Казаков агайдын сунушу эң жүйөлүү сезилет. Жыл сайын тапшырылып келе турган Дүйнө жүзүндөгү эң абройлуу сыйлыктын бири Нобель сыйлыгын мисал келтирет ал. Бул сыйлыктын каражаты — бир кезде Нобель калтырып кеткен ири суммадагы акчанын банктан түшкөн үстөктөрү (проценттери). Кыргыздын мыктылары жана колдорунда барлар банкка каражат топтоп салып коюшса, андан түшкөн үстөктөр Жылдын мыкты журналистинин акчалай сыйлыгын түзүп, сыйлыктын туруктуулугуна өбөлгө болот беле.

Кечеде дагы бир катар калемгерлерге Фонддун сыйлыктары тапшырылды. Эл арасында жылуу кабыл алынган «Жайлоо» программасынын авторлору 5-каналдын журналисттери Лена Нечаева менен Евгений Печуринге жана «Дело №» гезитинин автору Лейла Саралаевага 10 миң сом өлчөмүндөгү 2 сыйлык тапшырылды.

Ошондой эле фонддун атынан учурда бооруна операцияга муктаж болуп жаткан белгилүү кыргыз журналисти Кенжебек Арыкбаевге 20 миң сом өлчөмүндөгү жардам көрсөтүлөрү айтылды.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *