Ильянын сабап кетишиптир…

Сүрөт http://rus.azattyk.org/ сайтынан алынды

Сүрөт http://rus.azattyk.org/ сайтынан алынды

Илья Лукашевду сабап кетишиптир. Кечээ кечинде. Саат 10дордо. «Үйгө 150 метрдей эле калган болчу», — дейт Илья. Анын айтымында, сабагандар үчөө экен.

Бетин көгөртө сабашыптыр. Башы айланып, кускусу келгенине караганда, мээси да чайпалып калган. Ушундай абалында аны милиция кызматкерлери бир саат өзүлөру менен алып жүрүшкөн. Ильяга байланыштуу эмес башка кылмыш иштерин териштирүү боюнча да.

Милиция кызматкерлерин түшүнсө болот. Кылмыштуулук бизде күчөгөнү күчөгөн. Ал эми аны менен күрөшүүгө адамдар жетишпейт. Бирок, ушундай болгон күнү да бети-башы көгөрүп-шишиген, эс-учуна жакшы келе албай жүргөн адамды өзүлөрү менен салпактатып алып жүрүү адамгерчиликке жатпайт го.

Бирок кеп милиция кызматкерлери тууралуу эмес. Же Ильянын журналист болгонунда да эмес (айтымында, анын сабалышы журналисттик ишмердүүлүгүнө эч байланышта эмес). Кеп кылмыштуулуктун биздин жашоодогу кадыресе көрүнүшкө айланганында. Кээде биз жарандык мыйзамдар эмес, криминалдык чөйрөнүн мыйзамдары бийлик кылган өлкөдө жашап жаткандай сезилип кетет.

Бул абал эл кара күчтү эмес, мыйзамды урматтай баштаганда гана өзгөрөт.

Ильянын сабалышы — коомдо резонансты жаратпай койбойт. Биринчи кезекте, кесиптештери бул кылмыштын көмүскөдө калышына жол бербейт. Мындайда милиция кызматкерлери кылмыштын бетин ачса, элдин мыйзамга ишенимин аздан болсо да кайтарууга жакшы шарт түзөт эле.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *