Аудиону блогго жайгаштыруу

audio

Сайттын ээлери негизинен видеого басым жасап, аны сайтка жайгаштыргысы келет. Кантип видеону wordpress блогдоруна жайгаштырса болоорун бул жерде айтып бергем. Бүгүн биз аудиону жайгаштырганды үйрөнөбүз.

Бирок бул сабактын башында эскерте кете турган нерсе бар. Биз аудио файлды сайтка жүктөөнү кубаттабайбыз. Анткени сайт салмактуу болуп, анын ачылышы кыйын болуп калышы мүмкүн. Биз негизинен башка атайы адистештирилген сайттарда жайгашкан аудио файлдарга блогуңарда шилтеме коюуну үйрөтөбүз. Колдонуучуга бул аудио файл сиздин блогдо жайгаштырылгандай сезилет. Ошол эле кезде сиздин блог жеңил ачылып иштейт.

А бирок сиздеги аудио файл менен бөлүшкүңүз келсе, эмне кылыш керек деген суроо туулушу мүмкүн. Мындайда сизге Namba кызматын сунуштайм. Бул жерге видео гана эмес аудио файлдарды да жүктөп, анын кодун өз сайтыңарга жайгаштыруу мүмкүнчүлүгү бар. Башка окшош кызматтарда, мисалы, http://www.blive.kg жана http://bulbul.kg/сайттарында видео файлды гана жүктөө жана анын коду менен бөлүшүү каралган, ал эми http://www.super.kg/ сайтына жана андан аудио файлды жүктөө гана мүмкүн, жүктөлгөн аудио файлдын коду менен бөлүшүү мүмкүнчүлүгү каралган эмес.

Аудио видео сыяктуу эле жайгаштырылат. Мисалы, биз Namba сайтындагы Эннио Марриконенин Mercato сун сайтыбызга коелу деп чечтик. Медиа ойноткучтун (медиа плеер) алдындагы «Встроить» дегенди басабыз.

audio1

Аны басканыбызда терезече ачылып, анда HTML код болот. Аны көчүрүп алабыз.

audio12

Блогубузга кирип, аудио жайгаштырыла турган жазуубуздун HTML түрүн ачабыз. Аны үчүн текст жайгаштырыла турган терезенин оң жогору жагындагы «Визуально» дегендин жанындагы «Text» деген жазууну басабыз.

audio123

Керектүү жерге көчүрүлүп алган кодду жайгаштырабыз.

audio1234

Кайра «Визуально» дегенди басып жазуубузду жарыялайбыз. Болду.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *