Токоев: Журналистикадагы стандарттарды сактоо — бул окурманды урматтоо

Мурда кесиптештерибиз бийлик тараптуу жана оппозиция тараптуу болуп эки жээке эле бөлүнсө, азыр ар бир гезит, телеканалдар ар башка атка минердин бирин көккө чыгарып, бирин жерге тебелеп, өтө эле майдаланып кетти. Жакшы өзгөрүүлөр да бар. Бирок беш кол тең эмес дегендей өзүнүн кара курсагын ойлоп абройун пастыка түшүргөн кесиптештерибиз да аз эмес. Бирок бүгүнкү күнүбүздүн оңоолуусуна, мамлекеттин өсүп өнүгүшүнө журналисттер сөзсүз салым кошооруна, өз таасирлерин тийгизе алаарына ишеним чоң. Ошондуктан алардын пикирлери «Кабар Ордодон» жаңырып турат деген ойдобуз. Сөз «Журналисттер» коомдук бирикмесинин төрагасы Марат Токоевде.

— Сиздин пикириңизде учурда кыргыз журналисттер өнүгүү жолунда бара жатабы же ар бир сайт же гезит ар башка атка минердин сөзүн сүйлөп майдаланып кеттиби?

— Өзгөрүүлөр бар. Жакшы жагына да, жаман жагына да. Форма жагынан алганда (гезит, журналдардын сырткы көрүнүшү, редакциялардын, журналисттердин заманбап нерселерди колдонуусу) жакшы өзгөрүүлөр бар. Мисалы, кыргыз тилиндеги кооз, заманбап маалымат сайттарынын санынын өсүшү. Бул кыргыз тилдүү интернеттин өнүгүүсүнө сөзсүз жакшы өбөлгө түзөт.

Дагы бир кубанткан нерсе — жаңыча, эл аралык стандарттардын негизинде иштегиси келген жаш журналисттердин бир күчкө топтолуп, учурдагы кыргыз журналистикасындагы терс көрүнүштөрдү жойгонго биргеликте иш алып барууга аракет кыла баштагандары. Демек жакшы келечектен үмүт бар.

Бирок, кейиткен нерселер көбүрөөк болуп жатат. Өзгөчө кыргыз журналистикасында журналисттер чачырап, бириндеп кетти, тилектештик азайгандай. Орус тилдүү журналистикада алектенгендердин саны азырак болгондуктан, алардын ынтымагы, тилектештиги күчтүүрөктөй сезилет. Буга жакында баштарынан ар-түрдүү кыйынчылыктарды кечирип жаткан кесиптештерине колдоо көрсөтүү иретинде жардам топтоо акцияларын мисал кылсак болот.

Ал эми кыргыз журналисттери гезит ээлеринин саясий көз караштарына ылайык бөлүнүп, жарылып жаткансыйт.

Кыргыз тилиндеги материалдардын сапаты болсо… Көп калемдештерибиз эл аралык стандарттарды батыш өлкөлөрүнүн идеологиясын таңулоонүн куралы, кыргызды бөлүп-жаруу үчүн атайын киргизилип жаткан ыкма катары кабылдашат. Бул стандарттар биздин, кыргыз элдин кыртышына жат нерсе деген пикирде алар. А чын-чынында, стандарттар — бул жөн гана, маалыматтын сапаттуу болушун аныктаган шарттар. Эгер сен жазган макалалада ушул талаптар аткарылса, ушуларга жооптор болсо, анда бул макалада кайсы бир окуя, көрүнүш тууралуу бардык, толук маалыматтар бар, анын негизинде окурман туура чечим чыгара алат деген эле нерсе. Стандарттар — бул окурманды урматтоо. «Мен сага бардык маалыматты берип жатам, сен өзүң бир чечимге келип ал» дегениң. Бизде болсо, окурманды өзү бир тыянакка келе албаган, аны такай ээрчитип, үйрөтүп тура турган кичи баладай кабылдашат. Журналист ким жакшы, ким жаман, кайсы туура, а кайсы туура эмес экенин аныктап, өзүнүн пикирин окурманга таңуулаганды кадыресе көрүнүш катары кабылдайт. Эгер бул тыянактары жок дегенде кайсы бир фактылардын негизинде болсо, шүгүрчүлүк дейт элең. Көп учурда алар такталбаган маалыматтарга, кээде ушактарга да таянып жатышпайбы.

Айта берсең, арман көп.

— Учурда Фейсбукту журналисттер эң ыңгайлуу социалдык тармак катары баалашат. Фейсбукту ачсаң издеген кабарыңды да адамыңды да табасың дешет. Кээде болсо фейсбукта атайын бир саясат жүргүзүлүп жаткандай да таасир калтырат. Фейсбуктун оң терс таасирлери тууралуу сиздин пикириңиз?

— Фейсбукту, деги эле бардык белгилүү соцтармактарды бул жашоонун бир бурчу, өңүтү катары гана караш керек. Бул жактагы нерселердин баардыгын аяктан да тапсаң болот. Бирок күчөтүлгөн түрдө. Дегеним, аякта адамдын башкалар менен баарлашууга мүмкүнчүлүгү кененирээк. Сенин айтканың менен бир заматта миңдеген адамдар тааныша алат. Ошол эле учурда сен да бир убакта миңдеген адамдардын айткандары, ойлору менен тааныша аласың.

Соцтармак, бир чети, журналистке керектүү маалымат табууга, кайсы бир окуя боюнча болгон маалыматтар менен таанышууга чоң мүмкүнчүк берет. Бирок, башка жагынан алганда, ал маалыматтардын чын-калпын аныкташ да кыйын.

— Учурда кыргызча сайттар күндөн күнгө көбөйүп жатат. Өз каражаты менен өздөрүн камсыздай билген кайсы сайттарды айтсак болот?

— Бизде өзүн өзү камсыздаган маалыматтык сайтты табуу мүмкүн эмес го. Бизде эле эмес, интернет бир кыйла жакшырак өнүккөн, жарнамасы көбүрөк батышта өзүн өзү багып кете алган маалыматтык сайттарды табуу кыйын. Мен бул жерде маалыматтык сайттар тууралуу айтып жатам. Мындай сайттарда, адат боюнча, көп адам иштейт, чыгымы көп болот. Алардын айлык акысына, гонорарларына чоң каражат керек. Ал эми 1 же 2 гана адам иштеген сайттардын өзүн өзу багып кетүүсү бир кыйла жеңилирэк. Бизде андайлар болушу мүмкун.

— Кыргыз журналисттеринин сайтта иштөөдөгү сабаттуулугу тууралуу пикириңиз?

— Сайтты туура иштетүү, алардын мүмкүнчүлүктөрүн толугурак колдонуу жагынан дагы да үйрөнө турган нерселер көп. Сайтта иштеген адам мультимедиялык журналист болушу керек, б.а. айтканда, видеону тартып, аудиону жазып, сүрөттү тартканды, аларды жок дегенде баштапкы түрдө жасалгалаганды, сайтка жайгаштырганды, сайт үчүн жазганды билиши керек. Бизде андайлар көппү? Жок.

Салттуу ЖМКларда (теле, радио, гезит) бул маселе өзгөчө курч. Жакшы заманбап сайт ачып алып, бирок аны кантип иштетерин билбеген ЖМКларды көрсө болот. Сайт менен редакциянын ишин кантип айкаштырарын билишпейт. Сайт менен иштей алган адамдар аз.

— Vesti.kg сайты сурамжылоо жүргүзүп кыргыздардын 51%ы эгемендигин жоготуп, Россияга кошулууга макул болуптур. Сайтта ушундай калп көрсөткүчтөрдү жасаса болобу? Болсо кандай чара көрүш керек?

— Интернетте бир нерсени бурмалай коюу жеңил эле. Бирок сайттын кадыр-баркы, окурмандын ишеними деген да нерсе бар. Эгер кайсы бир сайт маалыматтарды көп бурмалай турган болсо, чындык эртеби, кечпи баары бир билинет эмеспи, мындай сайтка ишеним жоголот. Ал эми кайсы гана өзүн-өзү урматтаган ЖМКны же сайтты албагын — анын эң ыйык туткан нерсеси, эң чоң баалуулугу — ага окурмандын ишеними болот.

Бирок атайын бурамалабаса да, кайсы бир сайттын маалыматтары чындыктан алыс болуп калышы мүмкүн. Vesti.kgнын сурамжылоосунун жыйынтыгы ошондойлордон деген ойдомун. Бул сайттын жүргүзгөн сурамжылоонун жыйынтыгы жалпы кыргызстандыктардын пикирин эмес, ошол сайттын окурмандарынын пикирин гана көрсөтөт. А бул сайттын окурмандарынын улуту, жынысы, жарандыгы, эне тили, билими ж.б.д.у.с. байланыштуу көрсөткүчтөрү жалпы кыргызстандыктардын ушул эле көрсөткүчтөрүнөн алыс экендигинен күмөн жок.

Жөнөкөй мисалдар. Кыргыздар Кыргызстанда жашаган жалпы элдин 70% (2009-ж. боюнча маалымат) түзөт. Vesti.kg сайтынын окурмандарынын үлүшүндө кыргыздардын саны ушунча болоору күмөн (сайттын статистикалык маалыматтары ачык эмес). Сайт орус тилинде. Интернети жакшы шаардык кыргыздар гана кирбесе, өлкө калкынын негизги бөлүгү жашаган аймактык кыргыздар бул сайтка кирбесе керек.

Жамиля Нурманбетова, 09.04.14-ж.

Түп нукасына шилтеме: http://kyrgyz.vb.kg/doc/242941_tokoev:_jyrnalistikadagy_standarttardy_saktoo_byl_okyrmandy_yrmattoo.html

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *