Сынакты уюштуруучулардын катары өстү

7-ноябрь КР Маалымат жана басма сөз күнүнө карата «Журналисттер» КБ менен «Жаш журналисттер» кыймылы «Мыкты кабарчыга» жана «Мыкты басма сөз кызматына» сынак жарыялаган эле. Бүгүн бул сынактын уюштурулушуна жана өткөрүлүшүнө өз салымдарын кошкулары келгендигин дагы 3 кесиптеш уюмдар билдиришти: “ЖМКларды колдоо борбору” КФ“Маалыматтык укук борбору” КБ жана КР ЖМК кызматкерлеринин профсоюзу.

Көп түкүрсө көл болот дегендей, катарыбыз өскөнгө, кесиптик тилектештик бар экенине биз кубанып турабыз.

Бул сынак журналисттердин урматына татыган, абройлуу сынак болсо экен деген гана тилектер бар.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *