Журналистика жана Сократтын үч элеги

Журналист кандай болушу керек? Эмненин жазышы керек, эмнени жазбай койгону оң? Бул тууралуу акыркы кезде көп талаш-тартыштар күчөдү. Менимче, бул суроого качанкы бир кезде эле Ойчулдуктун атасы деп таанылган улуу грек аалымы Сократ жооп берип койгон. Аны Сократтын үч элеги деп коюшат. Ал тууралуу икая бар. Көбү аны билет болушу керек. Билбегендерге кыскача эскерте кетейин (икаяны орусчадан өзүм оодардым).

Бир киши Сократка кайрылып:

— Сенин досуң сен тууралуу мага эмне дегенин билесиңби? — дейт.

— Токтой турчу, — дейт анда Сократ, — мага айтайын дегениңди сен алгач үч электен өткөрүп туруп анан гана айт.

— Үч электен?

— Ооба, бир нерсени айтаардын алдында аны үч электен өткөрүш керек. Биринчисы чындыктын элеги. Сен айта турган нерсе чын экенине ишенесиңби?

— Жок, мен аны укканмын.

— Демек, ал чын же калп экенин билбейсиң. Анда экинчи электен – жакшылыктын элегинен өткөрөлү. Сен менин досум тууралуу жакшы бир нерсе айткың келеби?

— Жок, тескерисинче.

— Демек, — деп сөзүн улантты Сократ, — сен мага ал тууралуу жаман бир нерсе айткың келет, болгондо да ал чынбы, же калппы өзүң билбейсиң. Эми үчүнчү электен – пайда элегинен өткөрүп көрөлү. Сен айта турган нерсени менин билишим ушунчалык эле зарылбы?

— Жок, анын зарылдыгы жок.

— Анда, — деп тыянак чыгарат Сократ, — сен мага айтайын дегениң чын, жакшы жана пайдалуу нерсе эмес экен. Анда аны айтуунун кажети барбы?

 

Бир нерсе жазаардын алдында журналист айта турганын ушул үч электен – ЧЫНДЫК, ЖАКШЫЛЫК, ПАЙДА элегинен өткөрүп турса эң жакшы болот эле. Болбосо, маалыматтык ызы-чуу Адамзатты басып кетти. Адам кимисин угаарын, кимисине ишенээрин билбей калды.

Айрымдар макул болбошу мүмкүн. “Журналисттердин негизги вазийпасы — жашообуздун жакшыруусуна залакасын тийгизген терс көрүнүштөрдү көрсөтүү эмеспи, бул нерсе жакшы кабар эмес да”, — деп. Ооба ачуу чындык баарына жага бербейт. Биринчи кезекте, ошол паракорлорго, ууруларга, киши өлтүргөндөргө. Бирок алар мага да, элге да дос эмес, биринчиден. Экинчиден, мындай кабар Эл үчүн жакшы кабар эле болушу керек. Анын чөнтөгүнөн уурдап, анын эсебинен байыгандардын бети ачылганы алар үчүн жакшы кабар болбой, анан эмне. Бул Жакшылык берки Жамандыктан бир топ ашат эмеспи. Анан да бул кабардын Элге Пайдасы зор. Башкача айтканда, Сократтын үч элеги мында да жакшы эле колдонулат.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *