Блог боюнча сабактар

Блог адамга интернетте өз мейкиндигин, өз дүйнөсүн түзүүгө жардам берет. Ал кандай дүйнө болот адамдын каалоосуна, тандоосуна байланыштуу. Балким, жашоодогу кырдаалдарга, окуяларга көз карашы же алар тууралуу пикири менен бөлүшкүсү келеттир, же блогго чыгармаларын жайгаштыраттыр, же кайсы бир кууш темага арналган, адистештирилген блогду алып баргысы келеттир (мисалы, улуттук тамак-аштарды жасоо боюнча, же кыргыз маданияты боюнча, же кагаздардан учакты жасоо боюнча, ж.б.д.у.с.). Айрымдары блогду алып баруу менен кошумча киреше тапканга да жетишүүдө.

Не болсо да блог адамга өзүн ачууга, өркүндөтүүгө, билгени, ой-толгоосу менен болүшүүгө жакшы шарт түзүп берет. Анткени Интернет чөлкөмдүк, мезгилдик чекти билбейт. Блогду алып барууну үйрөнүү, чынында оор деле эмес. Бир гана ага бир аз убакытыңарды бөлүп, бир аз мээнет кылышыңар керек. Бирок, мен айткандай, анын үзүрүн бат эле сезесиңер. Ыраазы болосуңар.

Бул баракчага блогду алып баруу боюнча кыргыз тилиндеги (айрымдары орус тилинде)  кеп-кеңештеримди жайгаштырып турам. Кээ бири wordpressтин негизиндеги блогдорго гана тиешелүү болсо, көбү жалпысынан эле блог алып баруучуларга. Мен азырынча эч бир жерде, блогду алып баруу боюнча кыргыз тилинде сабактарды, кеңештерди кезиктире албадым. Менин билгеним, бөлүшкөнүм, балким, анчалык толук, кеңири болбостур. Бирок жоктон жогору дей туралы. Кимде кандай кеңештер, сунуштар болсо, баракчанын алдына жазып койгула. Эч бирин жоопсуз калтырбаганга аракет кылам.

Блог ачаардын алдында ойлоно турган нерселер

Сыр сөз/пароль, аватар

Блогду кантип кыргызчаласа болот?

WordPressтин кыргызча версиясын активдештирүү

Биринчи жазуу/Первый пост

Материалды сайтка жайгаштырганга чейин текстти иштеп чыгуу

Как вставлять счетчики на блог

Блогдун окурмандарын көбөйтүү

Блогго видеону жайгаштыруу

Блогго аудиону жайгаштыруу

Блогдун темасын өзгөртүү

Жазуулардын чыгуу датасын пландаштыруу

Сайттын күзгүсү. Ал эмне үчүн керек?

Сүрөттөн анын фонун кантип жеңил алып салса болот

giff баннерди жасоо

 

24 thoughts on “Блог боюнча сабактар

  1. Саламатсызбы!? Марат байке мен озумдун айылым тууралу блог же озумо тиешелуу баракча ачкым келип жатат жардам сурайм.

  2. Марат Байке, саламатсызбы? Мен өзүмдүн блогумду ачайын дедим эле. Өзүм сайтта иштейм. Анан сетевой маркетингде кошумча иштейм. Ошол кошумча жумушумду алдыга жылдыруу үчүн интернетке чыгыш керек болуп жатат. Кандай жардам бере аласыз?

    • Саламатчылык.
      Жеке блог ачууга кызыкканыңар жакшы. Бирок тармактык маркетинг менен алектенейин десеңер бизде эмес, сайтты ачууга мүмкүнчүлүк берген башка кызматтарды колдонгонуңар оң болот го. Оболу, биз негизги басымды журналисттерге кылабыз. Анан да бизде блог ачсаңар, анын аталышында journalist деген жазуунун болушу блогуңардын мазмуну менен өтө эле шайкеш келбей калчудай. Андай башка кызматтар, мисалы, http://kloop.kg/, http://www.setup.ru/

  3. Саламатсыздарбы,мен Омар Хаямдын накыл создорунон жана кыргыздын макалдарынан озумдум блогумду ачкым келет,ушул тема боюнча элдер менен пикир алышсам деп ойлойм ушуга жардам бергиле…..

    • Салам. Жардам берүүгө даярбыз. Бирок жолугушуш керек. Техникалык тапшырма деген бар. Анда сиз ачкыныз келген сайттын болжолдуу жасалгаланышы, мүмкүнчүлүктөрү аныкталат. Бирок мен бүгүн командировкага кетип жатам. 12-октябрдан кийин жолугуша алат элем.

  4. Марат байке саламатсызбы! Марат байке адамзатка суу кандай керек болсо, сиздин колдооңуз мага ошондой керек экен…менин максатым блоггер болуу, бирок, блогду толук кандуу билген адамды таппай жаттым эле… Сиздин коптогон жылдык тажрыйбаныз болсо керек…мен блогду толук кандуу уйронгум келет…жардам бере аласызбы?

    • Блогду жаңыдан ачкысы келгендерге, бирок аны кантип иштетиш керектигин жакшы билбегендерге атайы бул баракчаны ачып, сабактарды жазып жатам. Алардан өзүңө керектүү маалымат алышың мүмкүн. Чогуу отуруп иштешсек да болот. Бирок ага убакыт керек. Жакында, Кудай буюрса, журналистика боюнча сабактарды кайра баштасак деп жатабыз. Анын алкагында блог алып баруу боюнча да атайы курстарды ачып калаттырбыз. Бирок акы төлөнө турган. Анткени бул окутууларды донорлук жардамысыз уюштуралы деп жатабыз.

  5. Баарынарга салам!!! Достор мага колдоо керек!!!!??? Мен интернет жаатында иштоо менин алдыга койгон максаттарымдын бири))) профессионал блогчулар форумчулар кенешинерди, жардамынарды берсенер ото чон салым болот эле…

    • Салам. Жакшы жана кызыктуу блогду түзүп, аны алып баруу боюнча орус тилинде толтура маалыматтар бар. Аларды Интернеттен издеп көрсөң болот. Блог алып баруу боюнча мен ДА өз тажрыйбама таянып айрым кеңештеримди жазып келе жатам. Көбүн кыргыз тилинде. Айрымдары орусча. Так ушу блогду ачаардын алдындагы кеңештерим орус тилинде жазгам «О моих блогах и в целом о блогах» http://tokoev.journalist.kg/2013/01/10/o-moih-blogah-i-v-tselom-o-blogah/. Пайдасы тийип калаттыр.

  6. «Айрымдары блогду алып баруу менен кошумча киреше тапканга да жетишүүдө.» — деп жазыптырсыз. Бул создун канчалык чындыгы бар? Конкреттуу далилдерди келтире аласызбы?
    Жооп береринизге ишенем жана жообунузга алдын ала рахмат айтам!

    • Кыргызстандык интернет жайытта блогду алып баруу менен жакшы киреше тапкандар, чынында, жоктур. Буга интернет колдонуучуларыбыздын саны өнүккөн өлкөлөргө салыштырмалуу аз экендиги себепкер. Анан да экономикабыз таз кейпинде турганда интернетте кыргызстандык жарнама каражаттар аз.
      Бирок буга карабай аз болсо да киреше тапкандар бар. Бул негизинен блогдо баннерлерди жайгаштыруу же жарнамалык шилтемелерди жайгаштыруу аркылуу. Ошондой эле кайсы бир фирманын же компаниянын акциясы же продуктусу тууралуу төлөнө турган макалаларды жазып, блогуна жайгаштыруу аркылуу.
      Мен блогдордун аталышын атабай эле коёюн (анткени алар кирешесинен салык төлөдүбү эле жокпу, билбейм), аларда аталган нерселерди байкап калам. Көргөн кирешеси аз эле болушу керек. Анткени андай баннерлер жана макалалар көп эле кездеше бербейт. Бирок баары бир, кандайдыр бир киреше. Бул мен байкаган эле нерселер. Мен билбеген, байкабаган, бирок блогду алып баруу аркылуу жакшы киреше тапкандар чыгаттыр. Өзгөчө орус тилинде блог алып барсаң. Анткени Интернетте чек жок. Жакшы жазсаң, блогуң кызыктуу болсо сен Кыргызстанда жайгашкансынбы, же Чукоткадабы баары бир.
      Бул блогдор тууралуу эле. Ал эми жеке адамдар кызыктуу сайтты түзүү аркылуу жаман эмес кошумча киреше таап жаткандардын арасында кыргыз тилдүүлөрү да бар. Мисалга, Жаныбек Жанызактын «Кыргыз гезиттер айылын» алып көрөлү.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *