Басылбековдон Омар Хайям

haiyam

Жакында белгилүү кыргыз котормочусу Кубанычбек Басылбеков агай аты ааламга таанымал болгон перс акыны Омар Хайямдын рубаилерин чакан китеп кылып чыгарыптыр. «Чөнтөккө салып, өзүң менен алып жүргөнгө ыңгайлуу болсун деп», — дейт Кубанычбек агай.

Омар Хайямдын рубаилери бул жашоонун кайгы-капасын жеңүүгө жардам бере алган жаназык дары боло аларын жакшы билебиз. Аны адам дайыма жанында алып жүргүсү келет.

Толугу менен

Кыргызча аудиокитептер

Бир кезде кыргызча аудиокитептерди жасап, аны атайы сайтка жайгаштырсамбы деген ой бар эле. Бирок аны ишке ашырганга колум жетпей жүргөм. Бүгүн андай сайтты башкалар ачканын көрүп кубандым. Болгондо да мен ойлонуштургандан ашыра жасашыптыр. Бул сайтка аудиофайлдар гана эмес, китептин тексти да коюлуптур. Китептердин түрү да көп экен: жомоктор, кыргыз адабияты жана котормолор.

Бул сайт: Кыргызча аудиокитептер

Жыпар эженин рекорду

Бүгүн Жыпар эже (Акунова) чалып, эмнегедир анын почтасына «Кызгалдак» деген блогуна дагы бир пикир түштү деген каттар көп келе баштаганын айтып телефон чалды. «Эмнеге андай болуп жатат?», — деп тынчсызданганын билдирди.

Мен да жаман ойдо спамерлер Жыпар эженин блогуна чабуул жасашканбы деп консолуна кирип, спамдан болгону 3-4, калгандары кадимки эле окурмандардын пикирлери экенин көрдүм. Алардын көбү Жыпар эженин «Түштүккө түшкөн келин» деген чыгармасына жазылыптыр. Болгону да акыркы 3-4 күндө.

Толугу менен

Дүйшөн Жапаров тууралуу

Сакадай бою сары алтын деп так ушу Дүйшөн Жапаровдой кишилер тууралуу айтылса керек. Жапалдаш бойлуу, өңү саргыч, кыймылдаганы, кебетеси аны көргөн адамдын жылмаюсун жараткан бул киши чылкый поэзия алтынынан турат.

Толугу менен