Сурамжылоо

Жаш журналисттердин сайты

jj

Жаңыча иштегиси келген жаш журналисттердин сайты иштей баштады. Ал «Жаш журналист» деп аталат. Анда азырынча бейформал түрүндө иш алып барган, келечекте Минюстта каттоодон өтүүнү максат кылып жаткан жаш журналисттер тобунун иш аракеттери тууралуу жана жаш журналисттерге пайдалуу болушу мүмкүн маалыматтар жарыяланып турат. Мисалы, сайттан жакындан баштап ишке ашырыла баштаган «Устат-шакирт» аталышындагы окутуу-тарбиялоо системасы, ага катышкан устаттар менен шакирттер жөнүндө кенен маалыматтарды алса болот.

WordPressте блог ачып иштеткиси келгендер үчүн тренинг

wordpress

Бүгүн интернетте өзүнүн сайтын же блогун ачкысы келгендердин саны улам өсүп барат. Сайт – бул жашоодогу көрүнүштөр боюнча ойлоруң, же чыгармачылыгың (ырларбы, сүрөтбү) менен кеңири журтчулук менен бөлүшкөнгө жакшы шарт түзүп берет. Бирок мындайда сайтты каякта ачсам, аны ачыш үчүн эмне кылыш керек, материалдарды кантип жайгаштырам деген ж.б.д.у.с. көптөгөн суроолор пайда болот.

Мен WordPress мазмун башкаруу системасын (СМS) сунуштайм.

Толугу менен

Бизде блог ачуу боюнча айрым суроо-жооптор

suroojoop

Акыркы кезде мага блог же сайт ачуу боюнча суроолор менен көп кайрыла турган болушту. Эмне болуп кетти, билбейм. Мындан жарым жыл мурда эле мен өзүм блог же сайт ачып бербейинби деп кызыккан адамдарды издеп жүрөт элем.

Адамдар өзүлөрү кайрыла баштагандары бир жагынан кубантса, бир жагынан алардын көбү блог же сайт ачаардын алдында биле турган нерселерди билбегени кейитти. Ошону үчүн аларга пайдалуу болуп калабы деген ниетте эң көп кездешкен суроолор боюнча маалыматтарды берип койсомбу дедим.

Толугу менен

Кыргызча сөздүктөр

glosbe

Кыргыз тилин өнүктүргүсү келгендерге интернетте жакшы мүмкүнчүлүк түзүлүптүр. Glosbe сайтында дүйнө жүзүндөгү 2149!!! тилдер үчүн жуп тилдүү сөздүктөрдү түзүү мүмкүнчүлүгү бар. Мисалы, Кыргыз — Serbian, же Keiga — Кыргыз сөздүгүн.

Толугу менен

Кыргызстандагы эң чоң он-лайн сөздүк

«Биздин Мурас» коомдук фондусунун билдирүүсүнө караганда, учурда Кыргызстандагы эң ири он-лайн сөздүк болуп көп багыттуу «Эл сөздүк» эсептелет. Анын жардамы менен кыргыз тилинен орус, англис, түрк тилдерине жана бул тилдерден кыргыз тилине түз которсо болот. Белгилеп кетүүчу жагдай, которууга мүмкүн тилдердин катарына француз тили да киргизилген экен. Бирок ал тил менен кыргыз тилдин ортосундагы байланыштар аныкталбаган окшойт, кыргыз тилинен бул тилге, же ал тилден кыргыз тилине которуу азырынча мүмкүн эмес.

Толугу менен

Студенттердин мени кубанткан демилгеси

«Медиа көпөлөк — 2013» экинчи студенттик фестивалдын ачылышан келдим. Ачылыш аземинде кубанып отурдум — иш чаранын демилгечилери да, уюштуруучлары да студенттердин өзүлөрү экен. Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин студенттери. Фестивалдын экинчи ирет өткөрүлүп жатышы, болгондо да бул жолу аталган окуу жайдын студенттерин гана камтыбастан, башка окуу жайлардын студенттерин да тарткандыгы, менимче, жакшы кабар.

Толугу менен

Журналисттерге пайдалуу интернет булактар

Кыргыз журналиктикасында, дегеле дүйнөлүк журналистикада эмне болуп жатат, кандай жаңы нерселер пайда болду, журналистикага байланыштуу окуу куралдарын кайдан тапса болот, бул жана ушуга окшош суроолорго жоопторду төмөндө келтирилген сайттардан тапса болот:

http://www.ifex.org/ — Сөз эркиндиги боюнча дүйнөлүк тармак;

http://cimethics.org/ — Эл аралык журналистикалык этика борбору;

http://medialawca.org/ — Борбордук Азиядагы медиа мыйзамдардын топтому;

http://ijnet.org/ru — Эл аралык журналисттик тармак;

http://internews.kg/ — Internews Network уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн сайты;

http://www.media.kg/ — ЖМК өкүлдөрүнө юридикалык колдоо көрсөткөн (акысыз), соттордо коргоочу болгон Медиа полиси институту;

http://www.kgcentr.info/ — экстремизм жана терроризм темасын чагылдыргысы келген журналисттерге пайдалуу булак;

http://doormedia.kg/ — Доор Медиа коомдук фондусу;

http://newreporter.org/ — Жаңы медиалар тууралуу сайт;

http://www.msc.kg/ — ЖМКларга колдоо көрсөтүү борбору, Кыргызстандагы гезитердин жарымынан көбү ушул жерде басылып чыгат;

http://www.medialaw.kg/ — Маалыматтык укук борбору коомдук фондусунун жана ошондой эле ЖМКларга даттанууларды териштирүү боюнча комиссииянын иш аракеттери менен тааныша аласыздар;

http://journalist.kg/ — Журналисттер коомдук бирикмесинин сайты, бул жерден Кыргызстандын медиа чөлкөмүндө болуп жаткан окуялар тууралуу жаңылыктар жана аналитика менен тааныша аласыздар, журналисттерге пайдалуу боло турган адабияттарды (кыргыз тилинде да), басма сөз кызматтары тууралуу маалыматтарды топтоо аракети көрүлүп жатат. Жакындан баштап блогду ачуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү.